Атазовдун айыптоосу. Депутаттар парламенттеги коррупционерди "издеп" жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Төрага Талант Мамытов депутатты этияттап сүйлөөгө чакырды.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов айрым парламентарийлерди коррупционер деп айыптады.
Ал жыйында асылдуулугу төмөн жайыттарды айыл чарба багытында иштетүүгө ижарага берүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда кесиптештерин сынга алды.
"Муну 10 жылдан бери отурган бир-эки гана коррупционер депутат колдошу мүмкүн. Башка эч ким колдогон эмес. Бул элге каршы мыйзам", — деди Атазов.
Андан соң эл өкүлү Балбак Түлөбаев "мен бул мыйзам долбоорун колдойм, ошондо мен коррупционерминби?!" деп суроо салды.
Ал эми төрага Талант Мамытов колдосо коррупционер, колдобой койсо жакшы адам деп атоо туура эмес экенин белгилеп, депутатты этияттап сүйлөөгө чакырды.
Атазов кайрадан микрофонго чыгып Түлөбаевди айтабаганын, бирок парламентте коррупционерлер бар экенин, кааласа атын атап берерин билдирди. Бирок ачыктаган жок.
Бул маселеге вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев дагы аралашты.
"Бул жакка чыгып сүйлөгөндө, ошол коррупционерлердин аты-жөнүн атасаңар. Бул жерде 90 депутат отурат "кимибиз коррупционербиз" деп коюп. Мындан кийин жалпылап айтпай, атынан аташыңыздарды суранат элем", — деди вице-спикер.
Ошондой эле ал сыртта алты миллион киши карап турганын эскертип, парламент жаманатты болуп жатканын белгиледи.
Жайыт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
500 миң гектар жайытты ижарага берүү мыйзам долбоору кайра артка кайтарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0