Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЖамгыр тамчылары. Архив
Жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Жазылуу
12-апрелге караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Шейшемби, 12-апрелде, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +23...+28, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +18...+23 градус жылуу болот. Борбор калаада күндүн табы +21...+23, Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги Бишкек почтамттын аймагын жакшыртууну сунуштап жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Архитекторлор Бишкек курантынын тегерегин жакшыртууну сунуштады. Эскиздер
Жаңылыктар түрмөгү
0