Бишкектин мэрине суроо барбы? Шаардыктар менен жолугушчу убактысы

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Жазылуу
Буга чейин Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жергиликтүү башкаруу органдарынын башчылары менен жолугушууга чакырган. Иш-чара бүгүн башталат.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун төрт райондун тургундары менен жолугушуусунун графигин жарыялады.
12-апрель саат 10:00 — № 78 мектеп-гимназиясында Көлмө конушунун тургундары менен жолугат;
Саат 14:00дө — Биринчи май акимиатынын жыйындар залында аталган райондун тургундары менен жолугат;
13-апрель саат 10:00дө № 82 мектеп-гимназиясында Ала-Тоо жаңы конушунун тургундары менен жолугат;
Саат 14:00дө Ленин акимиатында Ленин районунун тургундары менен жолугат;
14-апрель саат 10:00дө № 91 мектеп-гимназиясында Кара-Жыгач жаңы конушунун тургундары менен жолугат;
Саат 14:00дө Октябрь акимиатынын жыйындар залында аталган райондун жашоочулары менен жолугат;
15-апрель 10:00 — № 4 мектеп-гимназиясында Дордой жаңы конушунун тургундары менен жолугат;
Саат 14:00дө Свердлов акимиатынын залында аталган райондун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.
Буга чейин Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жергиликтүү башкаруу органдарынын башчылары менен жолугушууга чакырган. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен облус башчылары да жергиликтүү эл менен жолугат. Иш-чара 11-апрелде башталат.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0