Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Европаны биротоло каратып алгысы бар АКШга Россия жолтоо болууда. Сереп

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын БТР-82 Мариуполдун көчөсүндө баратат. Архивдик сүрөт
Россиянын БТР-82 Мариуполдун көчөсүндө баратат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнөн, Улуттук гвардиясы жана жалданма жоокерлерден дээрлик бошотулган Мариуполго украиналык Ми-8дердин "чартердик каттамдары" байкалды.
Алардын төртөө атып түшүрүлдү. Бул көрүнүш НАТОнун бир катар өлкөлөрү жана айрым "бейтарап" европалык мамлекеттердин офицерлери (инструктор жана кеңешчилер) Донбасста россиялык күчтөр менен кармашта активдүү катышып жатканын ачыктап койду. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолу ушунун тегерегинде кеп козгогон.
Россиялык аскер бөлүктөрү 5-апрелде Мариуполго жакын жерде украиналык аскердик-транспорттук Ми-8 тик учактарын көчмө зениттик-ракеталык комплекстер менен атып түшүрдү. Чоң тобокелге салып аталган калаага учуп келгендерине караганда, тик учактар менен курчоодо калган Украина Куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиясынын командачылыгын жана чет өлкөлүк аскердик кеңешчилерди көчүрүп кетүүнү көздөгөнүн болжоого болот.
Андан мурун, тагыраак, 31-мартта, Мариуполдун жака-белинде эки тик учак атып түшүрүлгөн. Ар биринде 17ден киши – көчүрүлүп бараткан аскер кызматкерлери болгон. Аман калгандары аз. Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Украина Куралдуу күчтөрүнө таандык транспорттун бири кулаган жерде Франция Куралдуу күчтөр министрлигинин DGSE (Тышкы коопсуздук башкы башкармалыгы) чалгындоо кызматынын эки офицеринин сөөгү табылган. Париж жаңжалга катышканын караманча танууда. Анткен менен набыт болгондордун жеке документтери буга айныгыс далил.
31-марттагы операцияларга Днепропетровскиден төрт украиналык аскердик-транспорттук Ми-8 тик учагы катышып, экөө аталган шаардагы базага жүргүнчүлөр менен кайткан. Эгер түз учса 230 чакырымдык маршрут, ал эми Азов деңизинин үстүнөн ийри-буйру жол менен учкан болсо, кыйла узун багыт. Атайын операция башталгандан тарта 42 күндө россиялык күчтөр 93 (Украина Куралдуу күчтөрүндө алардын жалпы саны – 112) тик учакты токтоочу жайда жок кылган.
https://t.me/mod_russia/14019
Аз калганына да кайыл болуп Мариуполго багыт алышы "Азов" нацисттик куралдуу түзүмдүн командачылыгын чыгарып кетүү аракети болушу мүмкүн. Бирок "жогорку звеносун" көчүрүп кетүүгө бортуна 24 жүргүнчүгө чейин батыра ала турган бир гана Ми-8 жетмек. Жарадар болгондорду аба аркылуу куткарууга аракеттениши да арсар. Баса, атып түшүрүлгөн бир Ми-8 тик учагында пулемет менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн Чалгындоо башкы башкармалыгындагы улук лейтенант Бабак калкалап турганы аныкталган. Анын аман калганы маалым.
"Азовсталда" Франция, ФРГ, Британия жана "бейтарап" Швециянын офицерлери чыга албай калганы туурасындагы мурдагы күнү чыккан маалымат да көп нерсени айгинелеп койду. РФтин "өнөктөштөрү" 5-апрелде алардын Мариуполдон чыгууга көмөктөшүү өтүнүчү менен россиялык күчтөр менен байланышкан.
Ал ортодо интернеттин украиналык айдыңында радиобайланыш коопсуздугунун эрежелерин аткарбай, "Мариуполду француздар салып берди" деген актанган жаңы түшүндүрмө пайда болду. "Азов" батальонун француздардан көз каранды кылып коюшкан, анын жыйынтыгы ушундай. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабас, бирок ошентсе да көйгөйлөрдүн негизги булагы Франция экени күмөн. Ми-8 тик учактарынын айрымдары жапыз учкандыктан Мариуполго байкалбай келип, кайра кайтышкан.
Бүгүнкү күндө учуштарга жол берилбейт. Ошондуктан россиялык бийликтин макулдугун күтүү менен франциялык өкмөт Мариуполго "гуманитардык операцияны" жеткирүүнү көздөп турат. Россия курчоодо калган украиналык аскердик бөлүктөргө куралдарын өз ыктыяры менен тапшырып, шаардан чыгуусун көп жолу сунуштаган. Кыязы, чет өлкөлүк аскер кызматкерлерин көрсөтпөө үчүн ал сунуштарга кулак салышпаган өңдүү. РФтин "өнөктөштөрү" өздөрүнүн аралашканын жана белгилүү бир ролун жашырып кала алары арсар.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков Киевди Крым менен Донбасстын макамын таанууга чакырды
Украина Куралдуу күчтөрү Россия менен согушка бир топ жылдан бери таптап келе жаткан НАТОнун "адистери" үчүн утулуу жана уятка калуу мыйзам ченемдүү. Ал эми Мариуполдогу талкаланган үйлөр – америкалык пландын бир бөлүгү.
Америкалык The Gray Zone: "Украинада 2013-2014-жылдары АКШ тарабынан уюштурулган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин америкалык аскерлер украиналыктарды, анын ичинде неонацисттик бөлүктөрдү да шаарларда согуштук аракеттерди жүргүзүүгө машыктырган", – деп эске салды. Бул иште Пентагонго НАТОнун бардык өлкөлөрү көмөктөшкөн.
Улуу өнөктөштөрү Украина Куралдуу күчтөрүн жана Улуттук гвардиясын "жергиликтүү эл менен жуурулушуп", россиялык армияга айбат көрсөтүү үчүн согуштук аракеттерди калк жыш жайгашкан райондордо жүргүзүү, жаңжалды болушунча созуп антироссиялык үгүттүк упай топтоону үйрөтүшкөн.
Украина Куралдуу күчтөрүн бекемдеп, Россияга чагымчылык кылуу менен америкалыктар жана алардын союздаштары киевдик режимди өткөн айда Украинанын жай жашоочуларын тирүү калкан катары пайдаланууга түртүштү. Украина 1990-жылдардын ортосунан тарта эле АКШнын аскердик өнөктөшү болуп келген. НАТОнун машыгууларынан сырткары, украиналык жоокерлер АКШнын жетекчилигиндеги согуштарга да, мисалы, 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Афганистанды басып киргенине катышкан.
2001-жылы НАТОнун Коопсуздукка жардам көрсөтүү эл аралык күчтөрдүн курамында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 5 000ден ашуун жоокери "Ирак эркиндиги" операциясынын форматында Ирак аркылуу өткөн. АКШ армиясынын европалык командачылыгы 2015-жылдан бери Биргелешкен көп улуттук ыкчам топко (JMTF-U) баш-көз болуп, анда Пентагон менен АКШ Улуттук гвардиясы Украина Куралдуу күчтөрүн окуткан. Кошмо Штаттарда украиналык офицерлердин окутулушун айтпай деле коелу. АКШнын Атайын операциялар күчтөрү өзүнчө украиналык атайын багыттагы бөлүктү да машыктырып, үйрөтүп келген.
Бучадагы украиналык аскерлери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Буча: Украинанын Россияга каршы чагымчылыгы
АКШ жана Канададан келген офицерлер "Азов" неонацисттик түзүмүнөн да "окуучулар" болгонуна кайыл болушкан. 2015-жылы АКШнын деңиз пехотачылары америкалык аскерлер Украинага согушууга жөнөшөрүнөн кулак кагыш кылышканы да бар.
Пентагон территориялык коргоо бөлүктөрүн "Каршылык көрсөтүү – 2018" ыкчам концепциясына шайкеш окутушкан. Америкалык чалгындоо башкармалыгы да четте калган эмес. Алар өз адистигине жараша сегиз жылдык жашыруун программасын баштап, киши өлтүрүү, прокси-согуш, психологиялык операциялар жана жасалма желек (Женева конвенциясы тарабынан тыюу салынган тактикага) үйрөтүшкөн.
Америкалыктар украиналык куралдуу түзүмдөрдү "талибандаштырууга" умтулуп (афган талибдеринин оор техникасы жок эле, жогорку технологиялык дашманынын алдында алсыз болчу), көзгө атарлык ыкмаларды жана танкка каршы Javelin комплекстерин колдонууну үйрөтүшкөн.
АКШ менен НАТО Украина Куралдуу күчтөрүн чейрек кылымдан ашуун убакыт бою Россия менен согушууга таптаган. Анын кесепетинен дүйнө эми өзөктүк кыяматтын кырында. Бир гана кадам жетпей турат... АКШ Башкы штабынын жетекчиси Марк Милли кечээ: "Биз эки глобалдык күч – Кытай жана Россия менен бет келишип турабыз, ар биринин аскердик күчү бир кыйла. Экөө тең азыркы дүйнөлүк тартипти түп-тамырынан өзгөртүүгө ниеттенишет. Туруксуз болуп бараткан дүйнөгө баш багып турабыз, улуу державалар ортосундагы ири эл аралык жаңжал тутануу ыктымалдыгы улам күч алууда", – деп билдирди.
Албетте, россиялык күчтөр "Азовсталдын" алты кабат жер төлөлөрүн тазалаары талашсыз. Ал жактарга танк оңой эле кире алат. Аталган завод өзөктүк соккуга эсептелген бомбадан жан сактоочу жайлары бар жер алдындагы шаардык кичирайон сыяктуу. Мариуполь – 60 миң украиналык аскер ортодо калган Донбасс курчоосун жоюунун ачкычы. Командачылык курчоодо калгандарды куткарарын кайталап, сөз берип келет. Анткен менен Украина Куралдуу күчтөрү батальондоп багынып берүүдө.
РФ Куралдуу күчтөрү коюлган милдеттерин жүзөгө ашырат. Жаалданган, алдыны көрө билбеген Украина жана анын кураторлору менен жакынкы жылдарда же он жылдыктарда кыйла татаал иш алпаруу күтүлөрү айдан ачык.
Америкалык куралдар менен киевдик режимди жабдуу россиялык күчтөрдүн тылындагы диверсиялык аракеттерге багытталган, Украина Куралдуу күчтөрүн "талибандаштыруу" дале токтой элек.
Курч кырдаалдан пайдаланып Пентагон Румыния, Польша, Балтикада жаңы базаларды курууну пландап туру. АКШ Европаны биротоло оккупациялоого ниеттенип, ал эми буга тек гана Россия жолтоо болууда.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украинанын желегин көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
АКШ Европаны да садага чабабы? Украина жагдайы
Жаңылыктар түрмөгү
0