Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалар. Архив
Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга "Кең-Булуң" бекети аркылуу өтө аларын эскертти.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын топтолуп калганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Саат 15:30га карата алынган маалымат:
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү бекетинде 200гө чукул жүк ташуучу автоунаа кезекте турат;
"Чоң-Капка" бекетинде 80 жүк ташуучу автоунаа турат;
"Чалдыбар" бекетинде 60ка жакын жүк ташуучу унаа турат;
"Кең-Булуңда" 65 бош унаа кезекте турат.
"Казак тарап жүк ташуучу автоунааларды кеч өткөрүп жаткандыктан машиналар топтолуп калды. Башка бекеттерде мындай көрүнүш жок", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга "Кең-Булуң" бекети аркылуу өтө аларын эскертти.
Торугарт өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
"Торугарт" менен "Эркеч-Там" бир күнгө жабылат. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0