40% үлүшүн мамлекетке алыш керек. Депутат көмүр казган компаниялар тууралуу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр казуу. Архив
Көмүр казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Депутат Примовдун көмүр кенинин 40 пайыз үлүшүн мамлекетке алууга чакырды.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Көмүр тармагында иштеп жаткан ири компаниялардын лицензиялык келишимдерин кайрадан карап чыгып, жок дегенде мамлекеттин үлүшүн 40 пайыз кылып киргизүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев парламентте билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, өлкөдөгү көмүрдүн болжолдуу запасы 6,4 миллиард доллардан ашат. Анын ичинен 5,2 миллиард тонна Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак көмүр кениндеги күрөң көмүр. 1,08 миллиард тоннасы Өзгөн бассейнинин, ошондой эле Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегене кендеринин таш көмүрү.
"2021-жылы республика боюнча 3 миллион тоннага жакын көмүр казып алынган, анын бир миллиону экспорттолгон. Ошол эле учурда көмүр казып алуучу ишканалардан бюджетке болгону 600 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. 2021/2022 күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 650 миң тонна көмүр импорттолгон, анын басымдуу бөлүгү Казакстандан алынган. Импорттолгон көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдун тегерегин түзөт. Демек, болжол менен 2,6 миллиард сомго же 30,6 миллион доллар болгон. Эгер Бишкек ЖЭБин көмүр менен өзүбүз камсыздасак, бул каражатка 2 чоң карьердик эксковатор жана 650 жаңы 25 тонналык Хово жүк ташуучу унаасын сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк", — деди Токторбаев.
Ошондой эле ал Кыргызстанда көмүр казууга берилген 394 лицензиянын бир пайызы гана мамлекетке таандык экенин белгиледи.
Мындан улам депутат бюджетке аз акча түшүргөн үч жеке менчик компанияны атады:
Бел-Алма көмүр кениндеги "Беш-Арча" компаниясы жылына 150 миң тоннадан ашык көмүр казып алат. Тоннасын орточо 1 500 сомдон сатса, бир жылда 225 миллион сом киреше табат. Ал эми салык катары аталган компания 2021-жылы 58,5 миллион сом гана төлөгөн, башкача айтканда, мамлекетке тапкан кирешесинин 26 пайызын гана которот.
Алай районундагы "Перити-Коал" компаниясы жылына 500 миӊ тоннадан ашык көмүр казып алат. Тоннасын 1 500 сомдон сатса, бир жылда 750 миллион сом киреше табат. Салык катары былтыр 84,5 миллион сомдун тегерегинде гана каражат төлөгөн. Бул кирешесинин 11,26 пайызы.
Таш-Көмүрдөгү "Тегене" компаниясы жылына 100 миӊ тоннадан ашык көмүр казып алат. Тоннасын 1 500 сомдон сатса, бир жылда 150 миллион сом киреше табат, салыкка 21 миллион сом төгүп, кирешесинин 14 пайызын гана которгон.
"Мурдагы бийликтин башындагылар элдин мүлкүн жеке ишкерлерге берип койгон. Алтын, көмүр кендери сиздин, менин, туугандарымдын байлыгы да. Эмне үчүн бир эле киши байып, катар-катар машина алып айдаш керек, хан сарайларды салыш керек? Эмне үчүн бир эле киши Түркиядан, Дубайдан үйлөрдү алып элдин мүлкүн тоношу керек? Ошон үчүн, урматтуу депутаттар, көмүр кендеринде мамлекеттин үлүшүн кеминде 40 пайыз кылып киргизиш керек", — деди Токторбаев.
Депутат аталган маселе боюнча тийиштүү органдарга протоколдук тапшырма берип, министрлер кабинетин көзөмөлгө алууга чакырды.
Белгилей кетсек. Алайдагы "Перити-Коал" компаниясы вице-спикер Улан Примовго таандык. Юстиция министрлигинде анын атасы Бердибай Примов жетекчи катары катталган.
АКШ доллардын пачкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Centerra Кыргызстанга канча акча төлөп бермей болду? Келишимдин шарттары
Жаңылыктар түрмөгү
0