Өзү тутанткан отту өзгөнүн колу менен кармагандар. Геосаясат жөнүндө ой толгоо

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинадагы улутчулдардын жүрүшү. Архив
Украинадагы улутчулдардын жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Жазылуу
Улутчулдук эки бөлөк кабыл алынат экен. Тарыхта анын калтырган оор тактары таптакыр унутулгандай...
Серепчи Давид Нармания азыркы кырдаалга баам салып, артка бир кылчайып дал ушул көрүнүшкө кейиген. Анын бул ойлору камтылган учкай макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Биринчи дүйнөлүк согушта аскерлер арасында шейит кеткендердин жана жайкын калктын арасында набыт болгондордун саны 21,5 миллиондун тегерегинде болгон. Ал эми Улуу Ата Мекендик согушта СССРде эле 27 миллион киши каза таап, алардын 12 миллиону жоокер жана офицер эле. АКШда — 418 миң, Улуу Британияда — 380 миң киши.
Сталинграддын жанындагы эле салгылашта Советтер Союзунун жоготуулары 1,1 миллион кишиден ашкан. Башкача айтканда, Россия жана совет элинде согушта жоготкон өз баатырын эскербеген үй-бүлө жок болсо керек.
Советтер Союзу Батыштын үшүн алган, дал ушул себептен Европа жана АКШ Гитлердин жорук-жосундарына көз жуумп, аны "кызыл чумадан" (коммунисттик идеология жана аны карманган саясий режимдер) коргоочу катары карашкан. Ошондон бери көрмөксөнгө салып коюп, өз кызыкчылыгына туура келгенде ким болбосун колдоп коюу, айрыкча "аларга жагымсыз тарапка каршы согушуп жатса" кубаттоо Вашингтон менен Лондондун адатына айланган. Мындай тактиканы 1939-жылы Франклин Рузвельттин никарагуалык диктатордун дарегине карата айткан "Сомоса иттин баласы болушу мүмкүн, бирок ал биздин иттин баласы" деген сөздөрү таамай сүрөттөйт.
Батыш ошол замандан бери ушундай стратегияны карманып келет. Себеби отту башканын колу менен кармаган коопсуз эмеспи. Сөзүбүз куру болбош үчүн бир макаланы мисал келтирели. 1993-жылы британиялык The Independent басылмасына "Антисоветтик өз армиясын тынчтыкка карай жолго багыттайт" деген аталыштагы материал чыгат. Туура сегиз жыл өткөндө ошол жол аны жана кол алдындагыларын 11-сентябрда Дүйнөлүк соода борборунун имараттарын талкалаган учактардын штурвалына алпарат...
АКШ президент Жо Байден уулу Хантер менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Украина изи. Байдендин уулу атасын кайрадан оңтойсуз абалга калтырды
Ооба, сиз боолголоп тургандай, ошол репортаж бен Ладен жана анын Афганистанда СССРдин аскерлерине каршылык көрсөткөн ролун чагылдырууга арналган. Ошол кишинин куралдаштарын колдоо үчүн Кошмо Штаттар 40 миллиарддын тегерегинде каражат сарпташкан. Мындай каражатты Вашингтон кансыз согуштагы атаандашын чабалдатуу үчүн төлөп берүүгө даяр болгон. Бирок Ак үйдөгүлөр "келишимдеги" шарттарды кунт коюп окушпаса керек. Тилекке каршы, баары акча менен эле чектелип калбай, өткөндүн катачылыктарынын айынан кан да төгүлгөн. Батыштын Россия менен кармашуусундагы прокси афган согушкерлери тизмеде жалгыз эмес. Буга Жакынкы Чыгыштагы радикалдуу исламчыларды да кошууга болот. Эми ошол тизмекти Украина Куралдуу күчтөрүндөгү улутчул батальондор толуктоодо.
Киев колдонуп жаткан ыкмалар чындап эле мамлекеттер арасындагы согуштагы нерселерге окшошпой турат. Мында жай тургундарды тирүү калкан катары пайдалануу да, аскер туткундарын кыйнап-сабоо, гуманитардык коридорлорго ок ачуу, курал-жаракты башаламан таратуу кудум эле террорчул уюмдун баштапкы түзүлүшүндөй.
Бир нече миллион качкын чыгып кеткен Украинаны Батыштын эмнеликтен мынчалык көп сандагы курал-жарак менен камсыздап жатканын түшүндүрүү кыйын. Ал эми мындан ары эмне болорун, окуя кандай нукта өнүгөрүн болжоо үчүн көзү ачык болуунун кажети жок: бала-чака, аялдарынын артынан күйөөлөрү сыртка жөнөйт. Качан нацисттердин да иши таптакыр жүрүшпөй баштаганда алар да тышка агылат. Ошондо Европа өзү өстүрүп, жылдап багып, куралдандырып келген "ажыдаар" менен бет келишет. Азуулары өзүнө жагары арсар. Ал эми АКШ мунун баарына океандын ары жагынан гана көз салат. Брюссель, Париж менен Берлиндин ушуну түшүнбөгөнү эле кейиштүү.
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдик режимдин Батышка талаптары. Аскерий сереп
РФтин коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев Украинанын ЕБге кириши тууралуу Россиянын пикирин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0