Украиналык миналар кайда агууда? Аскерий сереп

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүКара деңиз. Архив
Кара деңиз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Жазылуу
Украиналык псевдомамлекеттүүлүк, Куралдуу күчтөрүнүн бузулушу, Аскер-деңиз күчтөрүнүн адистеринин жоопкерчиликсиз жана иш билбестиги европалык масштабдагы коркунучтарды жаратууда.
Одесса жана Николаев облустарына чектеш деңиз акваториясына мина коюу жайкын жашоочуларды набыт кылып жана Кара деңиз жууган бир нече мамлекеттин жарандык кемелерин жардырууга багытталышы мүмкүн.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу 29-мартта Украина Куралдуу күчтөрүнүн аракеттеринин айынан Кара деңизде жарандык кеме жүргүзүүгө олуттуу кооптуулук бар экенин билдирди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолу дал ушул жагдайга токтолгон.
Буга салмактуу далил – Румыния, Болгария, Түркияга чейин агып барган украиналык миналар. Россиялык атайын аскердик операция башталгандан бери Украина Аскер-деңиз күчтөрү Кара деңиз тарабын россиялык десанттан мина талаалары менен коргоону чечкен. Согуштук кемелери эбак эле көрүнбөй калган. Одесса, Очаков, Черноморск жана Түштүк портторуна кире бериште 420 чакты деңиз миналарын, анын ичинде 80 жыл мурун жасалгандарын коюшкан.
Биринчи эле бороон-чапкын якорлордон миналарды чыгарып кеткен. Металл корпустагы 115 килограммдык тротиланы камтыган "Рогатая смерть" минасы суунун агымы менен түштүк-батышты көздөй кеткен. 1939-жылкы минаны алгач Босфор жээгинен 26-мартта соода кемелеринин биринин экипажы капыстан тапкан.
Түркиянын Аскер-деңиз күчтөрү кооптуу предметти жок кылып, бирок эки күн өтпөй ошол эле райондо экинчи минаны табышкан. Түркиялык NTV маалымат каражаты жарандык кеме жүргүзүүгө кооптуулук жараткан миналар киевдик режим тарабынан этиятсыз коюлганын белгилеген.
Болгария жана Румыния жээктеринен 28-мартта үчүнчү жана төртүнчү "адашкан" миналар табылган. Мындай коркунучтун географиялык масштабын да болжоо кыйын. Босфор кысыгы аркылуу Жер ортолук деңизге өтүшү кыйла татаал, бирок ошентсе да өйдөңкү, тузсуз агым Кара деңизден Мармара (Мрамор) деңизине секундасына 2 метр, башкача айтканда, саатына 7 чакырымдан ашуун ылдамдыкта агат.
Мариуполдогу россиялык аскердик техника - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: бир айдын жыйынтыгы жана кийинки этапка сереп
Агымдардын картасына карап болжосок, украиналык миналар Румыния, Болгария жана Түркия жээктерине гана тургай, грузиялык Поти портуна дейре жетиши мүмкүн. Ал эми "корголгон" украиналык портторго кайрылсак, бүгүнкү күндө мина кооптуулугунан улам 15 өлкөнүн 67 кемеси кете албай турат.
Мурдагы күнү Түркиядан Ростов-на-Донуга багыт алган россиялык "Омский 205" дүң жүк ташуучу кеме Кара деңизде ок тийип, кырсык сигналын берген. Андан мурун Одесса жээгинде эстониялык Helt жүк ташуучу кемеси жарылып, чөгүп кеткен эле.
Тегиз жана бөлүнгүс эл аралык коопсуздук принциптерин кармануу менен Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы 19-мартта эле "өнөктөштөрүнө" якордон үзүлүп Одесса облусунун жээгинен түштүк-батышка карай агылган украналык деңиз миналары тууралуу эскерткен.
Түркиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Навигациялык гидрография башкармалыгы эки күндөн кийин гана расмий чара көрүп, 26-мартта гана түркиялык бийлик Босфор кысыгына жакын жерде караңгы түшкөндөн тарта балык уулоого тыюу салган.
Кемеге туташтырылган деңиз миналары палубадан жерге якорь менен ташталат. Курал анык бир тереңдикте трос же чынжырда 15тен 110 метрге чейин илинүү турат. Азыр толкун же шамал менен агып жаткан деңиз миналары 1930-жылдары жасалып, арсеналдарда 80 жылдан ашуун сакталган. Жок кылуу мөөнөтүнө келгенине карабастан илгерки миналарды Украинанын ички сууларына регламентти одоно бузуу менен даярдыксыз жана карта түзбөстөн коюшту. 1900-жылкы Гаага конвенциясына ылайык, Украина Куралдуу күчтөрү өз мина тосмолорун көзөмөлдөп, Кара деңизде жарандык кемелердин коопсуздугун камсыздоого милдеттүү. Бирок украиналык Аскер-деңиз күчтөрү кагаз жүзүндө гана бар, техникалык каражаттары жана практикалык тажрыйбасы жок эч нерсени көзөмөлдөшпөйт.
Россиялык Кара деңиз флоту украиналык миналарды жардыра алмак, бирок атайын операция шартында бул мүмкүн эмес. Ал эми согуштук аракеттер аяктаган маалда миналардын баары түштүккө карай алыс агып кетиши ыктымал.
Якордук контактылык миналар (түркиялык басылмалардагы сүрөттөргө караганда, дал ошол түрү) ордунан бороондон улам чыгып кеткен. Дат баскандыктан бекитилген металл же тросу начар болушу мүмкүн. Балким, туура эмес коюлса да керек. Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн мина иши эбак эле колго алынбай калган. Эсминец менен жардыруучулар СССР убагынан бери жок. Эскирип калган миналар да Кара деңиз жана Босфор булуңундагы жарандык кемелердин коопсуздугуна олуттуу жана узакка созулчу коркунучту жаратат.
Россиянын Ка-52 чалгындоочу-сокку уруучу тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
"Аллигатордун" артыкчылыгы. Россиялык Ка-52 тик учактарына мүнөздөмө
"Рогатая смерть" минасы согуштук же жарандык кеменин бортуна тиери менен жарылып, сыйымдуулугу кабелтең сүзүүчү каражатты да деңиз түбүнө чөктүрүп кое алат. Эгер өзүн-өзү жардыруучу механизми орнотулбаса, деңиз суусунда 10 жыл жүрө берет. Кооптуулукту элестүү түшүндүрүү үчүн бир нече мисал келтирели.
Кувейтке таандык сыйымдуулугу 400 миң тонналык "Брижтон" супертанкери 1987-жылдын июлунда Перс булуңунда 1908-жылкы ирандык минадан жарылган. Ал кезегинде император Николай IIнин тушунда россиялык деңиз мекемесинде жасалган. Кудай жалгап супертанкер Кувейтке чейин сүзүп жеткен. Суучулдар узуну 10, туурасы 5 метрлик тешикти, болот каптоодогу 27 миллиметрлик тешикти табышкан.
Бир жылдан кийин Перс булуңунда ирандык минанын жарылуусунан ракеталык курал менен тескелүүчү америкалык "Сэмюэль Б.Робертс" фрегаты 7 метрлик диаметрге чейин тешилген. Аны ремонттоого 135 млн. доллар сарпталган.
Ушундай эле тагдырдын соккусуна аталган кысыкта 1991-жылы "Триполи" десанттык тик учак ташуучусу жана "Принстон" ракеталык курал менен тескелүүчү крейсери кабылган. Жакын арада бул маалымат НАТОнун Румыниядагы Констанца аскер-деңиз базасынын жеке курамына да абдан пайдалуу болушу мүмкүн.
Агып жүргөн украиналык миналар – олуттуу көйгөй, бирок Кара деңиз жээгиндеги кооптуулук андан кем калышпайт. Украиана Куралдуу күчтөрүнүн адистери танкага каршы миналарды жээктеги эбегейсиз тилкелерге туш келди коюшкан, жээкке урган толкун аларды улам жууп, ары-бери жылып, ташка урулган учурлар да бар. Ал тургай Одесса жээгинде эки жай тургун 28-мартта мина жарылып набыт болушту.
Жай келгенде Украина Куралдуу күчтөрүнүн миналары миңдеген эс алуучу жана туристтердин (аларды эскертүүчү белгилер деле токтото албайт эмеспи) өмүрүнө коркунуч туудурат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
АКШнын президенти Европага кетер алдында ядролук чемодан менен жоокерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
АКШ менен НАТО "дүйнөнүн жаңы тартибин" убада кылууда. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0