Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Идрисов: жер семирткичтердин жылдык керектөөсүнүн 15%ы гана даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов
Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов быйыл жер семирткичтердин баасы жылдагыдан жогору болорун айтты.
Жылда бул учурда минералдык жер семирткич менен жалпы керектөөнүн 35-40 пайызын камсыздап калчубуз. Быйыл, тилекке каршы, 15 пайызы гана даяр болду. Бул тууралуу Туратбек Идрисов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Идрисов: жер семирткичтердин жылдык керектөөсүнүн 15%ы гана даяр
Анын айтымында, өлкө жалпысынан жылына 275 миң тонна минералдык жер семирткич керектейт.
"Жер семирткич тартыштыгы жаралбайт, бирок баа жылдагыдан кымбатыраак болушу күтүлүүдө. Бул бардык нерсенин кымбаттап жатканына байланыштуу. Азыркы учурда дыйкандар эң көп колдонгон селитранын бир килограммы 47-48 сомдон, карбамит 52-55 сомдон, ал эми үч компоненттүү жер семирткичтер 70-75 сомдон сатылууда. Булардын 80-85 пайызы Өзбекстандан алып келинет. Ага чейин биз аталган мамлекеттен 100 миң тонна алып келсек, быйыл 150 миң тонна алуу мерчемделген болчу. Бирок алар биздин шартка көнбөй, башка түрүн сунушташкандыгына байланыштуу баш тарттык. Бул багытта тартыштыктын алдын алуу максатында мамлекет тарабынан 975 миллион сом бөлүнгөн. Ага биз Өзбекстан менен буга чейин келишилген документтин негизинде, тактап айтканда, 100 миң тоннанын алкагында жер семирткичтердин биринчи партиясын алдык. Алар бүгүн-эртең келип калат. Ал Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна келип түшөт. Дыйкандар айдоо жеринин бардыгын тастыктаган справканы айыл өкмөттөрүнөн алып, анан сатып алышса болот. Баасы кандай болору азырынча белгисиз", — деди Идрисов.
Ал министрлик дыйкандарды 200 килограмм минералдык жер семирткич кетчү жерге 100 килограмм сээп, калганына табигый азыктарды колдонууга чакырып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0