Жихадчылар ишкерди уурдап, акча талап кылган. Шектүүнүн бирөө кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген жаран. Архив
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Бизнесменди уурдаган деп алты киши шектелүүдө, анын төртөө диний агымдын мүчөлөрү. УКМК шектүүнүн бирөөсүн колго түшүрдү.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жихаддык идеологияны кармангандар Кыргызстандын жаранын уурдап, опузалоо жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кылышкан. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 19-мартта жихаддык идеологияны кармангандар жана "Салафия" диний агымынын Абдурахим, Мура, Хамза, Алина аттуу өкүлдөрү, ошондой эле эки белгисиз адам Кыргызстандын С.Э.М. аттуу 28 жаштагы жаранын уурдап кетишкен. Алар ишкердин 4 миң долларына кызыккан.
"Уурдагандар ишкерди кыйнап, психологиялык басым жасап, кошумча каражат алуу үчүн автоунаасын миң долларга күрөөгө коюуга мажбурлашкан жана дагы 5 миң доллар талап кылышкан", — деп жазылган маалыматта.
25-мартта кол салгандардын бири, Талас облусунун 38 жаштагы тургуну Б.А.Ж. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, улуту өзбек.
Спецназдын кызматкерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
УКМК Өзбекстандын чекисттери менен баңги топтун ишине бөгөт койду
Жаңылыктар түрмөгү
0