КР боксчулары Сербияга эл аралык мелдешке жөнөп кетти

© AFP / Patrick Smith / Getty ImagesБокс беттеши. Архив
Бокс беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Эл аралык мелдешке тогуз спортчу катышат. Аларды эки машыктыруучу жана бир рефери коштоп кетти.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Сербияга эл аралык турнирге катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Мелдеш 29-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында өтөт.
Эл аралык турнирге тогуз спортчу катышат. Аларды башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаев коштоп барат. Ошондой эле кармаштарды белгилүү калыс Мукаш Ырсалиев тейлемекчи.
Спортчулардын тизмеси:
Анвар Ходжиев — 48 кг;
Нуржигит Дүйшөбаев — 51 кг;
Санжар Сейдакматов — 54 кг;
Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг;
Рысбек Бектенов — 60 кг;
Жантөрө Ташиев — 63,5 кг;
Мирзахид Имамназаров — 63,5 кг;
Нурадин Рустамбек уулу — 71 кг;
Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 кг.
Кыргызстандык ММА мушкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Кыргызстандык мушкерлер Амстердамдагы дүйнө чемпионатынан 13 медаль алды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0