https://sputnik.kg/20220329/ayyl-charba-ministrligi-arzan-nasyya-1063217314.html
Айыл чарба министрлиги арзан насыяны канча фермер алганын жарыялады
Айыл чарба министрлиги арзан насыяны канча фермер алганын жарыялады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору боюнча 2 707 насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы... 29.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-29T09:07+0600
2022-03-29T09:07+0600
2022-03-29T09:07+0600
кыргызстан
насыя
айыл чарба
кредит
https://sputnik.kg/img/07e6/03/1c/1063217287_0:70:3516:2048_1920x0_80_0_0_96834ca6383808cfe6d45641f4fa1cca.jpg
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору боюнча 2 707 насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Статистика 25-мартка карата берилип, жеңилдетилген насыянын суммасы 1 миллиард 350 миллион сомду түзгөнү айтылат. Анын ичинен дыйканчылык категориясы боюнча 337 миллион сом кредит 801 адамга берилген. Ал эми мал чарбачылык багытында 1 881 кишиге 971,5 миллион сом тийген.Эң аз сумма айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясына бөлүнгөн. Бул жаатта иштөө үчүн 25 ишкер 42 миллион сом насыя алган.Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы быйыл жеңилдетилген кредит берүүчү "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна 26 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан. Бул багытта ишкер, фермерлерге насыя 6 пайыздык үстөгү менен берилет.
https://sputnik.kg/20220316/dyjkan-uron-aluu-zholu-1062870890.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/1c/1063217287_405:0:3136:2048_1920x0_80_0_0_f50753f836c9315b4263eccb46571929.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, насыя, айыл чарба, кредит
кыргызстан, насыя, айыл чарба, кредит
Айыл чарба министрлиги арзан насыяны канча фермер алганын жарыялады
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбоору боюнча 2 707 насыя берилди. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Статистика 25-мартка карата берилип, жеңилдетилген насыянын суммасы 1 миллиард 350 миллион сомду түзгөнү айтылат. Анын ичинен дыйканчылык категориясы боюнча 337 миллион сом кредит 801 адамга берилген. Ал эми мал чарбачылык багытында 1 881 кишиге 971,5 миллион сом тийген.
Эң аз сумма айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясына бөлүнгөн. Бул жаатта иштөө үчүн 25 ишкер 42 миллион сом насыя алган.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы быйыл жеңилдетилген кредит берүүчү "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна 26 миллиард сом бөлүнгөнүн
айткан. Бул багытта ишкер, фермерлерге насыя 6 пайыздык үстөгү менен берилет.
16 Жалган Куран 2022, 08:36