Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

БУУнун Башкы ассамблеясы Украина боюнча антироссиялык резолюцияны кабыл алды

© Sputnik / Роман Махмутов / Медиабанкка өтүүБУУнун Башкы Ассамблеясы. Архив
БУУнун Башкы Ассамблеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Кыргызстан башка бир нече өлкөлөр сымал эле БУУнун Башкы ассамблеясынын антироссиялык резолюциясына добуш берүүдөн карманды.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясы Украинадагы гуманитардык кырдаал боюнча антироссиялык резолюцияны кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украина боюнча батыш өлкөлөрү даярдаган бул долбоорду жалган гуманитардык резолюция деп атады.
Документ үчүн 140 мамлекет макул деген позициясын билдирсе, 38и добуш берүүдөн карманган. Беларусь, Россия, Сирия, Корея жана Эритрея каршы болгон.
Резолюцияны алгач Коопсуздук кеңешинде кабыл алууну пландашкан, бирок россиялык өкүлдөр вето коюу укугун колдонушарын алдын ала айтышкан. Жыйынтыгында Франция жана Мексика Башкы ассамблеянын алкагында өзүнүн резолюциясына добуш берүүгө жетишүүнү чечкен.
Башкы ассамблея кабыл алган документте "РФтин Украинага каршы согуштук аракеттерин тез арада токтотууну талап кылат" деп айтылган. Авторлор "Россиянын Украинанын аймагына болгон басып кирүүсү жана анын кесепети эл аралык коомчулук Европадан ондогон жылдардын бери көрө элек масштабга жетип барат" деп бекемдешкен.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдеринен айырмаланып, Башкы ассамблея мамлекетке карата мажбурлаган чаралар боюнча буйрук кыла албайт.
Sputnik радиосу мурдараак НАТОдо Кытай жана башка мамлекеттерди Россияга колдоо көрсөтүүдөн баш тартууга чакырышкандыгын билдирген эле.
Бул боюнча Россия тарап өзүнүн пикирин билдирди
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Башкы ассамблеяда кабыл алынган Украина боюнча батыш өлкөлөрү даярдаган долбоорду жалган гуманитардык резолюция деди.
Анын айтымында, Россия бул документке эмнеге каршы добуш бергенин түшүндүрүүгө негиз жок. Бул долбоор авторлорго Россияны айыптоо үчүн керек болду.
Дипломат Башкы ассамблея БУУнун уставынын жоболорун бузуу менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча буйрук берүүгө аракет кылып, ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткенин кошумчалаган.

"Мындай буйрук эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес", — деген ал.

Небензя БУУнун мүчөлөрү Батыштын гуманитардык принциптерди манипуляциялоо боюнча берген сабагын эстей турганын кошумчалаган.
БУУнун антироссиялык резолюциясын жакынкы чет өлкөлөр колдогон жок.
Документти АКШ, Улуу Британия жана Германия демилгелеген. Авторлор арасында Грузия, Украина, Литва жана Латвия болду.
Беларусь резолюцияга каршы добуш берген. Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан добуш берүүдөн карманган. Кытай, Индия жана Иран да добуш берген эмес.
ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият боюнча туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Садык Шер-Нияз ЮНЕСКО сессиясында Украина боюнча текстти сынга алды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0