Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Садык Шер-Нияз ЮНЕСКО сессиясында Украина боюнча текстти сынга алды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЮНЕСКОдогу Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият боюнча туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз
ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият боюнча туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Жазылуу
Шер-Нияздын айтымында, ЮНЕСКОнун текстинин долбоорунда уюмдун максатын көздөбөгөн сөздөр камтылган.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият боюнча туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз кесиптештерин Украина боюнча чечимдин долбоору тууралуу кеп кылууда токтоо болууга чакырды.
Парижде ЮНЕСКОнун кезексиз сессиясы өтүп, Украинадагы кырдаал боюнча билдирүүнүн тексти каралган.
Шер-Нияздын айтымында, Кыргызстан Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салууда, ошондой эле кырдаал тынчтык жана дипломатиялык жол менен жөнгө салынарына ишенет. Кыргызстан тараптарды чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн акылмандыкка жана сабырдуулукка чакырат.
Кыргызстан тараптар эртерээк тынчтыкка жетишерине, анын ичинде мындан ары жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы форматтарын жана механизмдерин түзө турганына ишенет.
Ошол эле учурда Шер-Нияздын айтымында, ЮНЕСКОнун текстинин долбоорунда уюмдун максатын көздөбөгөн сөздөр камтылган.
"Биз сессиянын бардык катышуучуларын уюмдун алкагында саясатташкан чечимдерден алыс болууга чакырабыз", — деген ал.
Андан кийин ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын өкүлү өз пикирин да билдирген. Анын айтымында, чечим биринчи кезекте тынчтыкты орнотууга жардам бериши керек. Бирок текстте эмоция, талап жана ультиматумдар камтылган.
"Мен Германия менен Франциянын башчыларынын өлкөдөгү абалды жөнгө салып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылгандарын кош колдоп колдойм. Айрымдары Путин менен бир жумада үч жолу сүйлөштү. Сиздер кандай ойлойсуздар, кесиптештер, Макрон менен Шольц мырза Путин менен сүйлөшкөндө "агрессия" же "мен тезинен токтотууну талап кылам" деген сөздөрдү колдонот деп ойлойсуздарбы? Мен антип ойлобойм. Алар дипломатиялык түрдө, токтоо мамиле кылып жатышат, себеби дүйнө коркунучта экенин түшүнүп турушат. Мен дүйнөлүк үчүнчү согуш болуу алдында турат деп да айта алам. Кабыл алынган чечимдерде дипломатия, токтоолук жана азыраак эмоционалдуулук болушу керек", — деди Кыргызстандын өкүлү.
Садык Шер-Нияз ЮНЕСКО тараптар ортосунда көпүрө болуп, чатакты басууга жардам бериши керектигин кошумчалаган.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Казакбаев: Бишкек Украина менен Россияга сүйлөшүү аянтчасы болуп берүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0