Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ӨКМ альпинисттердин коопсуздугу үчүн "Эдельвейс" аттуу куткаруучулар командасын түздү

© Sputnik / Асель СыдыковаӨКМдин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев
ӨКМдин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2022
Жазылуу
ӨКМдин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Эдельвейс" куткаруу командасын түзүп, альпинисттердин коопсуздугу көзөмөлдөнөрүн айтты.
Кыргызстандын түндүк аймагы боюнча Беловодское айылында мамлекеттик деңгээлде куткаруучуларды даярдоо борбору иштесе, түштүк аймагы боюнча Ош шаарында республикалык атайын куткаруу отряды бар. Бул тууралуу Ырыспек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
ӨКМ альпинисттердин коопсуздугу үчүн "Эдельвейс" аттуу куткаруучулар командасын түздү
Анын айтымында, "Эдельвейс" командасы БУУнун алдындагы ИНСАРАГ эл аралык куткаруу отрядында машыгып, окуудан өтүп келишет.
"Тянь-Шань тоолорундагы бийик чокуларды багындыруу үчүн жылда чет өлкөдөн альпинисттер биздин өлкөгө келишет. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан тоо туризмин да өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жогору. Бирок бүгүнкү күндө коопсуздук маселеси орчундуу көйгөй бойдон калууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктарды алдын алуу боюнча да иш алып барат. Жакында гана ӨКМ тарабынан "Эдельвейс" куткаруу командасы түзүлүп, анда альпинисттердин коопсуздугун кароо максаты коюлду. Анын алкагында бир топ мамлекеттик органдар Альпинизм федерациясы менен чогуу иштешип, бул тармакты өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Учурда Кыргызстандын түндүгүндө Беловодское айылындагы мамлекеттик деңгээлде куткаруучуларды даярдоо борбору иштесе, түштүк аймагы боюнча Ош шаарында республикалык атайын куткаруу отряды бар",— деди Жолдошбаев.
Ошондой эле адис альпинисттер үчүн чокуларды багындырууда жол карталары түзүлүп, электрондук база аркылуу абалды байкоого мүмкүнчүлүк жаралганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0