https://sputnik.kg/20220318/kyrgyzstan-futbolchu-kyzdar-turnir-karera-1062947630.html
Өлкөдө футболчу кыздардын карьера жасоосуна эмне тоскоолдук жаратат?
Өлкөдө футболчу кыздардын карьера жасоосуна эмне тоскоолдук жаратат?
Sputnik Кыргызстан
Кыз-келиндер футболу бирикмесинин аткаруучу директору курама командадагы башкы көйгөй оюнчу кыздардын жетишсиздиги экенин айтты. 18.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-18T16:06+0600
2022-03-18T16:06+0600
2023-10-31T13:50+0600
пресс-борбор
кыргызстан
кыздар
оюн
каражат
ата-эне
турнир
спорт
кыргызстандын футбол федерациясы
https://sputnik.kg/img/07e6/03/12/1062942808_0:142:1280:862_1920x0_80_0_0_7086ec16b94382b8ed0bba02550a0303.jpg
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандык футболчулар эл аралык мелдештерге эмнеге чанда катыша турганын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде мультимедиалык пресс-борборунда өткөн эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча брифингге катышты.Анын билдиргенине караганда, көп нерсе каражатка барып такалат.Кыз-келиндер футболу бирикмесинин аткаруучу директору Анаркүл Абдышова кыздарга карьера курууга айрым аймактардагы "спорт кыздар үчүн эмес" деген түшүнүктөр да тоскоолдук болуп жатканын кошумчалады. Таланттуулар көп болгону менен ата-энелери кыздарынын футбол ойношуна каршы экенин айтты.Ошондой эле курама командадагы башкы көйгөй — оюнчу кыздардын жетишсиздиги.Ал Беловодское айылы менен Таш-Көмүр шаарында кыздар арасында футбол жакшы өнүккөнүн, бул жактарда клуб менен базалар жок болсо дагы мелдеш өтүп турарын, оюнчуларды колдоп-коштоп ата-энелери келип турарын кошумчалады.Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын футбол боюнча юниорлор командасы Душанбеде өткөн Борбор Азиянын Футбол ассоциациясынын турниринде (CAFA Cup) үчүнчү орунду ээлеген.
https://sputnik.kg/20220315/kyrgyzstandyk-kyz-irandyktardyn-darbazasyna-gol-kirgizdi-1062861056.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/12/1062942808_1:0:1280:959_1920x0_80_0_0_fa0fdaf5f08bd3d43c38ce9f0ecef745.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кыздар, оюн, каражат, ата-эне, турнир, спорт, кыргызстандын футбол федерациясы
кыргызстан, кыздар, оюн, каражат, ата-эне, турнир, спорт, кыргызстандын футбол федерациясы
Өлкөдө футболчу кыздардын карьера жасоосуна эмне тоскоолдук жаратат?
16:06 18.03.2022 (Жаңыртылды: 13:50 31.10.2023) Кыз-келиндер футболу бирикмесинин аткаруучу директору курама командадагы башкы көйгөй оюнчу кыздардын жетишсиздиги экенин айтты.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандык футболчулар эл аралык мелдештерге эмнеге чанда катыша турганын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Гүлбара Уматалиева айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде мультимедиалык пресс-борборунда өткөн эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча брифингге катышты.
Анын билдиргенине караганда, көп нерсе каражатка барып такалат.
"Жаш куракка бөлүнгөн курама командалардын бардыгы эле көп оюн өткөрсө дейбиз. Жылына бир-эки турнир деген бул абдан эле аз. Мелдештер болуп турат, бирок биз каражаттын айынан жөнөтө албай калып жатабыз. Курама команданын чыгымдарын Кыргыз футбол союзу көтөрүп келет. Мамлекет азырынча каржылык жардам көрсөтө элек. Эгер колдоо болсо эл аралык турнирлерге калбай катышмакпыз", — деди Уматалиева.
Кыз-келиндер футболу бирикмесинин аткаруучу директору Анаркүл Абдышова кыздарга карьера курууга айрым аймактардагы "спорт кыздар үчүн эмес" деген түшүнүктөр да тоскоолдук болуп жатканын кошумчалады. Таланттуулар көп болгону менен ата-энелери кыздарынын футбол ойношуна каршы экенин айтты.
Ошондой эле курама командадагы башкы көйгөй — оюнчу кыздардын жетишсиздиги.
"Бизде көбүнчө ышкыбоздор ойнойт. Алардын командалар менен келишими жок, бизде кыздар ойногон клубдар дагы жокко эсе. Футболду сүйгөн кыздар акча төлөнбөсө дагы ойной беришет. Айрым учурда курама командага оюнчу таппай калган кез болот. Кээ бир кыздар турмушка чыгып, спортту таштап салат. Анан кээде каражат табуу үчүн иштеп оюнга убакыт таппай калышат", — деди Абдышова.
Ал Беловодское айылы менен Таш-Көмүр шаарында кыздар арасында футбол жакшы өнүккөнүн, бул жактарда клуб менен базалар жок болсо дагы мелдеш өтүп турарын, оюнчуларды колдоп-коштоп ата-энелери келип турарын кошумчалады.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын футбол боюнча юниорлор командасы Душанбеде өткөн Борбор Азиянын Футбол ассоциациясынын турниринде (CAFA Cup) үчүнчү орунду ээлеген.

15 Жалган Куран 2022, 16:51