Депутаттар министр Бейшеналиевдин Акрамовдон кечирим сурашын талап кылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Эл өкүлдөрү бийлик өкүлүнүн бирөөнү мазактоого укугу жок экенин айтып, ага карата чара колдонулушу керектигин айтышууда.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин хирург Эрнст Акрамовду мазактаганы үчүн кечирим сурашын талап кылды.
Дастан Бекешевдин айтымында, министрдин жоруктары боюнча мамлекет башчы реакция кылышы керек.

"Бийлик өкүлүнүн татыктуу, сыйлуу дарыгерди мазактоосуна жол берилсе, эл дагы ушундай кадамдарга барат. Саламаттык сактоо министринин соңку учурдагы кылык-жоруктарына президент өзү реакция кылышы керек. Жарандар министр минтип жатса аны дайындаган президенттин да урматтуу дарыгер (Эрнст Акрамов — ред.) боюнча пикири ушундай деп ойлоп калат. Министр сөгүш алып же кызматтан бошотулбаса эртең жарандар дагы бийликке ушундай мамиле жасап, шылдыңдап калат", — деди Бекешев.

Ал эми Бактыбек Сыдыков 85 жаштагы Акрамов бүт өмүрүн саламаттык сактоого арнап турак жайы, туугандары дагы жоктугун белгиледи. Ошондой адамды "лопух" деп атоо бир дагы кишиге жол берилбеши керек деп эсептейт. Мындан улам президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, министрдин жоругун өкмөт башчыга, президентке жеткирип коюуну сунуштады.
"Мен үчүн Эрнст Акрамов Кыргызстандагы көрүнүктүү инсандардын бири. СССРдин, КРдин саламаттык сактоосуна жасаган эмгегин жөн жерден жогорку баалап Кыргыз эл баатыры наамын беришкен эмес. Бүгүн ал инсандын айланасындагы болуп жаткан иштер мени өтө кейитип жатат. Биздин аткаминер академик, хирургдар менен башалмандык кылып жатканда көңүл бурган эмесмин. Алар жаш, өзүн-өзү коргой алышат. Бирок улуу академик Эрнст Хашимовичтин жекелигине асылып жатканы мени тынчсыздандырбай койбойт. Министр жок дегенде этиканы сакташы керек да. Эрнст Хашимовичтин, Кыргыз эл баатырынын алдына барып кечирим сурасын", — деди Сыдыков.
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
16 жыл башкаргандар бар. Бишкектеги оорукана жетекчилеринин тизмеси
Камила Талиева саламаттык сактоо министри өлкөдөгү дасыккан тажрыйбалуу хирургдарды чекеден кызматтан бошотуп жатканын сындады.
"Эрнст Акрамовду кыргыз элинин алдында минтип каалагандай мазактоого эч кимдин укугу жок. Ал мамлекеттик кызматкердин этикасына туура келбеген иштерди жасап жатат. Министрдин бул хирургдарда бир өчү барбы? Жалал-Абадда иштеп жаткан мыкты кардиохирург Калдарбек Абдрамановду дагы кызматтан алды. Анын эмгек жамааты президентке чейин кайрылып жатат. Албетте, биз министрди колдойлу деп жатабыз, ошондой учурда ал да этиканы сакташы керек да. Тартипке чакыргыла, ал жаргон менен сүйлөбөшү керек", — деди Талиева.
Депутаттарын пикирин төрага Талант Мамытов дагы кубаттап, "атайын мыйзамдар бар, биз түшүнүктөр менен жашабайбыз да" деп эскертти. Бул маселени карап тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн тармактык комитетке протоколдук тапшырма берди.
Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри 15-мартта Чүй облустук ооруканадагы Акрамовдун Хирургия жана реконструкциялык калыбына келтирүү илимий борборун жапканын билдирген. Ошондой эле анын үйү жоктугун, ошол оорукананын имаратында жашап жатканын айткан.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2022
Депутат Масалиев хирург Акрамовго мамлекеттен үй алып берүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0