Бат чарчап... Жазгы стресстин себеби жана андан арылуунун жолу аталды

© Фото / Public domainТерезени карап отурган кыз. Архив
Терезени карап отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Адис жазында күн узарып, түн кыскарганы адамдын организми үчүн стресс экенин, мунун айынан адам ачууланып жүрөрүн айтты.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жазында боло турчу стресстен арылуунун жолу тууралуу Sputnik радиосуна медицина илимдеринин кандидаты, эндокринолог Зухра Павлова айтып берди.
Ал белгилегендей, мезгилдин алмашышы жана күндүн узарышы адамдын эмоционалдык жана жалпы абалына таасир этет. Ошондуктан адамдар тынчсызданып, бат чарчап, эч нерсеге дарманы калбагандай сезет.
"Жазында күн узарып, түн кыскарат, адамга буга көнүүгө убакыт керек. Мунун айынан организм стресске учурап, гормоналдык фон бузулуп, "бакыт гормону" делген серотониндин ордуна кортизол көбүрөөк иштелип чыгат да адам көбүрөөк ачууланат", — деди Павлова.
Адис, мындан сырткары, адамдардын психикалык саламаттыгына коронавирустун кесепети жана дүйнөдөгү окуялар да таасир этип жатканын белгилеген.
Дарыгер стресстен арылуу үчүн сууну көп ичүү керектигин айтты.
"Өзгөчө сууну ууртап ичүү бөйрөк бездерине кортизолду иштеп чыгууга түрткү берген гормондорго бөгөт коюуга жардам берет", — деди дарыгер.
Ошондой эле кыймыл-аракетте болуу жана спорт менен алектенүү стресстин гормондорун жок кылат. Ал эми дем алуу көнүгүүлөрү эмоционалдык абалды жакшыртат.
Дарыгер мындай кеңештер стресс менен күрөшүүгө жардам бербесе сөзсүз адиске кайрылуу керектигин айтты.
Паркта ит менен сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Стресс менен депрессиядан кантип арылуу керек. Эң жөнөкөй ыкма
Жаңылыктар түрмөгү
0