Улуттук банк бүгүн дээрлик 60 млн. доллар сатты

© AFP / PATRICK LINАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү жетиштүү экени, дагы алты айга жетери айтылат.
БИШКЕК, 10-мар. – Sputnik. Улуттук банк бүгүн 59,30 миллион доллар (анын ичинен 39,85 миллиону накталай) сатты. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкы кабарлады.
"Жыл башынан 11-мартка чейин акча алмаштыруу жайларындагы кырдаалдан улам Улуттук банк төрт жолу интервенция жасап, 284 миллион доллар саткан. Анын ичинен 66,65 миллион доллары накталай сатылган", — деп айтылат маалыматта.
Башкы банктын буга чейинки интервенциясы:
12-январь — 70,1 миллион доллар;
27-январь — 86,5 миллион доллар;
24-февраль — 13 миллион 50 миң доллар;
4-мартта — 55 миллион 350 миң доллар.
Учурда долларды сатып алуу 103 сомдун, сатуу 106 сомдун тегерегинде болууда.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2022
Улуттук банк жыл башынан бери 225 миллион доллар сатты
Жаңылыктар түрмөгү
0