Шашылыш билдирүү! Жаан жаап, кар көчкү түшөт

© AFP / FREDERIC J. BROWNЖаан учурунда кол чатыр менен киши. Архив
Жаан учурунда кол чатыр менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Жазылуу
ӨКМдин маалыматында, алдыңкы беш күндө жаан жаап, өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, кар көчкү түшүү кооптуулугун эскертти.
Ага ылайык, 10-15-март күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Төмөнкү жолдордо кооптуулук бар:
Бишкек — Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун Чапчыма ашуусунда;
Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында;
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында;
Казарман — Актал-Чат жолунун Ийри-Суу тилкеси, Кара-Көө ашуусунда;
Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында.
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жаз келди! Мартта аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0