Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте кар жаган учурда кыз. Архив
Бишкекте кар жаган учурда кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Жазылуу
Кыргызстанда келе жаткан аптанын кээ күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо жана тоого жакын райондордо кар жаашы күтүлүүдө.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 5-7-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

6-11-мартка чейин күндүз кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 5-мартта күндүз жана 6-7-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Талас облусу

6-9-март күндөрү күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 10-мартта күндүз жана 11-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Бишкектеги ак калпак күнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Калпакты жакшы билесизби? Тест

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Чүй облусундай эле өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда дагы 6-11-мартка чейин күндүз жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөрү божомолдонду. 7-мартта Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Ысык-Көл облусу

6-7-мартта кээ бир райондордо жаан, кар жаайт. 8-мартта күндүз жана 9-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
9-10-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 11-мартта жаан-чачынсыз болот.

Нарын облусу

6-мартта кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. 7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарга кар түшөт. 8-11-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот.
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жаз келди! Мартта аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0