Өкмөт Ат-Башыга бажы-логистикалык комплекс курууга инвестор издеп жатат

© Фото / пресс-служба РКФРЛогистикалык комплекс. Архивдик сүрөт
Логистикалык комплекс. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жазылуу
Квалификациялык тандоого өтүнмөлөр 16-апрелде саат 16:00гө чейин кабыл алынат.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги Ат-Башы районуна бажы-логистикалык комплекс курууга инвестор издеп жатканын кабарлады.
Мекеме бардык кызыкдар тараптарды "Бажы-логистикалык комплексин каржылоо, долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча сынакка катышууга чакырууда.
Сынактын эрежелери менен МЖӨ борборунун (www.ppp.gov.kg) жана министрликтин (www.mineconom.gov.kg) расмий веб-сайттарында жарыяланган "Квалификацияларды берүү өтүнүчүнөн" таанышууга болот.
Квалификациялык тандоого өтүнмөлөр 16-апрелде саат 16:00гө чейин кабыл алынат.
Логистикалык борбордун жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Кыргызстан менен Казакстан соода-логистикалык борбор курууга киришти
Жаңылыктар түрмөгү
0