Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина жагдайы: Стокгольм синдромунан канткенде арылууга болот?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын желегин кармап турган кишилер
Украинанын желегин кармап турган кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Украинанын Куралдуу күчтөрү чегинип баратып, соңку сегиз жыл бою Батыштан жөнөтүлгөн ок-дарынын толук запасын коротууга белсенгендей.
Өз өлкөсү экенин эске албастан болор-болбос жагдайда да көпүрөлөрдү жардырып, колунан келгендин баарына мина коюуда деп жазат РИА Новости агенттигинин автору Виктория Никифорова. Серепчи бул сапар аскерий темага кайрылып, Украинадагы азыркы кырдаал тегерегинде ой толгогон.
Украиналыктардын бир даары тез эле багынып бергиси келет. Эмне үчүн жана ким менен согушсун алар? Бирок жаалданган территориялык коргонуу батальончулары аларды фронтко айдоодо.
Киевдин дал ортосунда, калк жашаган кварталдар арасында "Град" залптык ок орнотмолорун коюп жатышат. Демек, ал жактагы жай тургундар аскерлер үчүн тирүү калканга айланууда. Жай тургундарга да курал таратып, борбор калаада эле 18 миң чакты Калашников жашоочулардын колунда. Жакында эле киевдиктер автоматтарынан россиялык диверсиялык топко ок чыгарышты. Андан соң жакын келип карап, эч кандай россиялык спецназ эмес, катардагы киевдик үй-бүлө, жай жарандар экенине күбө болушту. Атасы, апасы, баласы өз унааларында өлүү жатты... Көз алдыбызда бүт өлкө банда, уюшкан кылмыштуу топ, террорчул түзүмдөр жана тишине чейин куралданган маньяктарды курал-жарак менен жабдыган Гуляйполеге айланууда. Маңызында бул кылмыштуу параддын башындагылар өз калкын барымтага алды.
Бул кандайча болду? Дегеле кандайча буга кептеди? Украина менен Россия тынч бөлүнгөн 30 жыл мурун азыркыдай үрөй учурган кырдаалды элестетүүгө да мүмкүн эмес эле. Украина эли бир топ жыл оболу эле киевдик хунта тарабынан барымтага алынган. Узак жылдардан бери эле африкалык жашоо деңгээлине карабастан "Европада" жашап жатканына ынандырып, газ, электр кубаты менен дайым жабдып келе жаткан Россияны башкы душман, ал эми Күн Батыштан чыгат деп элдин башын айландырып келишет. Анын натыйжасында украиналыктар "Стокгольм синдромуна" кабылышты. Адатта бул террорчулардын колуна түшкөн барымтадагыларда пайда болот. Украина куткарылган соң ошол синдромдон арылтуу үчүн көрүлчү чаралардын бүтүндөй комплекси зарыл. Бул тил маселесинен билим берүүгө чейин камтылышы кажет.
Аскердик базага америкалык аскерлердин келүү аземинде НАТОнун желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда: НАТО Россия менен жаңжалдашабы?
...Германия улутчулдуктан эки жол менен арылганы белгилүү. ФРГ аймагында холокоста культу уюштурулуп, башка элдерге карата кылмышы үчүн ырайым алган. СССРдин басып алынган аймактардагы кылмыштарын унуткарышкан. Себеби Советтер Союзу дароо согуштан кийин кайрадан Батыштын душмандарынын бирине айланган. Вермахттын жоокерлеринин неберелеринин көпчүлүгү жок кылынууга тийиш ордо катары бойдон калды. Бул он жылдап топтолуп отуруп, 90-жылдары немецтер Югославияда сербдерди жок кылууга салкын кандуулук менен катышкан. Кийин Донбасста орустардын геноцидин ачык эле жакташкан. Эми Украинага партиялап курал жөнөтүүдө. Ал эми ГДР аймагында улутчулдуктан арылуу алда канча жеңил жана ийгиликтүү өткөн. Бул жакта баары советтик интернационализм менен алмаштырылган.
Украиналыктарга ушул тапта тарыхый жана заманбап чындык вакцинасы зарыл болуп турат. Чындык жазылган окуу китептери, чындыктан тайбаган жаңылыктар. Канча жыл бою жалганга сугарылып жашап келишти? Батыш каймактарынын социалдык медиа өңдүү аскердик технологиядагы өз эксперименттеринде пайдаланылды? Көпчүлүктүн эсинен чыгып кеткендир, бирок америкалык социалдык медиа жана Пентагон Түндүк Америкадагы "Твиттердик революция" убагында катуу эргүүгө берилишкен. АКШнын аскер мекемеси IT-олигархтар менен биргеликте Тунис, Египет, Ливия, Жакынкы Чыгыштын миллиондогон жашоочуларын шыкактап, козголоңго чыгууга түрткөн. Аягы эмне менен бүткөнүн унутула элек. Жарандар өз башкаруучуларын тактан кулатып, өлкөлөрүн баш аламандыкка батырышкан. Көшөгө артындагылардын пландары ийгиликтүү ишке ашкан. Кийинки сапта – Украина. Мында социалдык медиа жана аянтчалар эбак жапырт психикалык жабыркатуучу куралга айланып калган.
Одессадагы Профсоюздар үйүндөгү 2-майдагы апаатты эстеңиздер. Ал өзү эле эмес, Фейсбукта украиналык улутчулдардын акылга сыйбаган жосунсуз жоруктары да андан кем калышкан эмес. Азыр ойго келсе да үрөй учат. Эгер интернетте Кытайдагыдай сымал катуу чара көрүлбөсө, андан башы чыкпаган украиналыктар дагы далай нерселерди жасары турулуу иш. "Дүйнөлүк коомчулукка" кылчайбастан украиналыктарды украиналыктардын өздөрүнөн сактоо керек. Россия аларга чындыкты айтат. Орустар менен түбү бир эл, тынч жашоого тийиш. Алардын күчү ушунда.
Украинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"1941-жылдын 22-июну" кайталанбайт! Украинаны куралга толтурган НАТОго жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0