Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Газ менен нефтинин кымбатташы: Борбор Азияга таасири кандай болот

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай өндүрүү. Архив
Мунай өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Газдын баасы тарыхый рекордун жаңылап, миң куб метрине 2,2 миң доллардан сатылууда, ал эми нефтинин наркы 2014-жылдын июнунан бери биринчи жолу баррели 113 долларга бааланууда.
АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдиктин мамлекеттери Россияга карата Украина аймагындагы атайын операциясынан улам санкциялардын бир нече пакетин киргизди. Бул дүйнөлүк рынокто газ менен нефть баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келди.
Россияга жасалган санкциялык басымдын Батыш өлкөлөрүнө кедергиси кандай болорун, Европада энергетикалык кризис жана азыркы кырдаал мурунку СССР мамлекеттерине кандай таасир этерин экономика боюнча россиялык журналист Вадим Павлов эксперттер менен талда чыккан.

Бул дагы чек эмеспи?

Батыш Россияга карата санкция киргизип, РФ атайын операциясын улантып жатканда дүйнөлүк рынокто газдын баасы өсө баштады. Нидерланддардын TTF хабында 2-март күнү газдын миң куб метри 2,2 миң долларга чыгып, тарыхый рекордду жаңылады. Соода-сатыктын ачылышы менен Европага "көгүлтүр от" наркын 50 пайызга көтөрдү.
Буга чейинки рекорд өткөн жылдын декабрында катталган, анда миң куб метри 2,19 миң долларга чыгып, кийин кайра түшө баштаган.
Европанын борбордук банкынын (ЕЦБ) маалыматы боюнча, газга жана энергетиканын башка түрүнө баанын кескин жогорулашы акыркы айларда Европа мамлекеттеринде инфляциянын ылдамдоосун шарттады.
Мисалы, февралда Германияда керектөөчү баа 5,5 пайызга көтөрүлүп, 1992-жылдан берки бийик чекке жетти. Италия, Испания жана Франция дагы инфляция күтүлгөндөн тезирээк жүргөнүн айтышты.
ЕЦБ инфляция дагы көпкө чейин сактала турганын эскертип жатат.
РФ өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин илимий кызматкери, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Игорь Юшков ушу тапта Европада газдын баасын Россия менен Украинанын айланасындагы геосаясий чыңалган абал аныктап жатканын белгиледи.
© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүРФ өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин илимий кызматкери, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Игорь Юшков
Ведущий аналитик Фонда национальной энергетической безопасности РФ Игорь Юшков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
РФ өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинин илимий кызматкери, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Игорь Юшков

"Газ чыккан жана Европага жылына 400 миллиард куб метрин транзиттеген эки өлкөнүн айланасындагы кандай гана чыңалуу болбосун, ал кайсы бир деңгээлде бааны көтөрөт. Бүгүнкү күндө биржалык дүрбөлөң байкалууда, мындан улам жакынкы күндөрдүн наркын божомолдоо кыйын. Эгер Европанын россиялык газ сатып алуусун чектеген санкциялар кирсе, же Украинанын аймагындагы газ өткөрүү инфраструктурасы жарактан чыга турган болсо, бул, албетте, бааны мындан дагы жогорулатат. Башкача айтканда, 2,2 миң доллардан да жогору бааны көрүшүбүз мүмкүн", — деп ой бөлүштү эксперт.

Мындан аркы нарк Украинанын аймагындагы окуянын өнүгүшүнөн көз каранды болот дегенге Финансы университетинин дагы бир илимий кызматкери, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Станислав Митрахович да макул болду.
© Sputnik / © SputnikФинансы университетинин дагы бир илимий кызматкери, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Станислав Митрахович
Экономист, эксперт Финансового университета при Правительстве РФ и Фонда национальной энергетической безопасности Станислав Митрахович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Финансы университетинин дагы бир илимий кызматкери, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Станислав Митрахович
"Россиянын аракетине Батыштын жообунан кийинки окуялардан соң эмне болуп кетери абдан маанилүү, — дейт ал. — Эгер болуп жаткан окуялардан улам Германия Россиядан газ менен көмүр сатып ала албай турганын, газ алуусун токтото турганын айткан өлкөнүн экономика жана климат көйгөйү боюнча министри Роберт Хабекти укса, Европадагы баа миңдеген долларга чейин көтөрүлөт. Бирок мунун Германия менен Евробиримдиктин башка өлкөлөрү үчүн кесепети оңбогондой болорун түшүнүү керек".
© Фото / Новости ОмскаУлуттук энергетика институтунун башкы директорунун орун басары Александр Фролов
Заместитель гендиректора российского Института национальной энергетики Александр Фролов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Улуттук энергетика институтунун башкы директорунун орун басары Александр Фролов
"Азыркы тапта рынокто алып сатуучулук басымдуу, — дейт Улуттук энергетика институтунун башкы директорунун орун басары Александр Фролов. — Дүйнө ушу күндө 2021-жылы башталган энергетикалык кризис абалында турганын эске алуу керек, ал эми ага 2020-жылы эле шарт түзүлүп калган. Мындан улам углеводороддук сырьё өндүргөн ири мамлекеттердин айланасындагы кырдаалга байланышкан окуяларды рынок өтө курч кабыл алат. Бул өзгөчө германиялык министр сыяктуу көптү көрө билбеген саясатчы менен аткаминерлердин билдирүүлөрүнөн да көз каранды".
Россия — Болгария, Чехия, Эстония, Латвия, Венгрия, Австрия, Словакия, Словения жана Финляндиядагы газ импортунун 75-100 пайызы, Германия, Швеция жана Польшада 50-75 пайызын түзөт. Бул тууралуу Г.В.Плеханов атындагы Россия экономика университетинин информатика кафедрасынын доценти Александр Тимофеев эске салды.
"Мындай көлөмдү алмаштырууга Иран гана жөндөмдүү. Бирок чектөөлөрдү алуу — өзөктүк келишимди камтыган жалпы макулдашуу. Мындай кадамга барууга азыр АКШ да, Европа да даяр эмес", — дейт эксперт.
Россия жана Евробиримдиктин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Россияга каршы санкциялары. КМШ өлкөлөрүнө таасири кандай болот
Россия, анын ичинде "Газпром" Европага газ жөнөтүүнү токтоторун азырынча айта элек, Евробиримдик тарабынан россиялык газдын экспортуна таасирин тийгизе турган санкциялар деле жарыялана элек. Бир гана кооптуулук — Украина аркылуу транзит токтоп калышы мүмкүн. Бирок Sputnik сурамжылоого алган эксперттер жакын арада мындайга жол берилбей турганын айтышууда.
"Украина өзү гана үзгүлтүккө учуратпаса транзиттин токтоп калары күмөн. "Газпром" транзитти улантууда, ал эми атайын операция учурундагы соккулар Украинанын аскерий инфраструктурасына гана багытталып жатат. Бүгүнкү күндө газ транспорттук инфраструктура аман-эсен", — дейт Александр Фролов.

"Россия Украина аркылуу газдын өтүшүн токтотууга кызыкдар эмес, — деди Игорь Юшков. — "Түндүк агым-2" азыр ишке кире элек, демек, Украина азыркы кырдаалда россиялык газды жеткирген жалгыз транзит. Ушу тапта Украина аркылуу Европага суткасына 50 миллион куб метр жөнөтүлүүдө. Теориялык жактан мындай көлөмдү "Ямал – Европа" түтүгү аркылуу жөнөтүп, Беларусь аркылуу транзит менен көбүрөөк өткөрүп, бул көлөмдү ошол жакка оодарып жиберүүгө болот. Бирок Европанын газ керектөөсү калыбына келгенден кийин "Түндүк агым-2" ишке кире электе "Газпром" Украинанын түтүгүсүз келишимдеги милдеттерин аткара албайт".

Gas Infrastructure Europe ассоциациясынын 26-февралдагы маалыматы боюнча, Европанын жер алдындагы газ сактоочу жайларында (ПХГ) былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн 21,5 пайызга аз газ сакталып турат. Жалпы калдык 29,5 пайызды түзсө, былтыр алынган газдан эч нерсе калган эмес, башкача айтканда, 47 миллиард куб метрдин баары пайдаланылып бүткөн.
Газды тандап алуу марттын аягы апрелдин ортосу менен соңуна чыгат. Демек, Европанын жер алдындагы газ сактоочу жайларынан буга чейин жылдап топтолгон газдын баары алынат. Ал эми кийинки кышка запасты толтуруу үчүн быйылкы жайда буга чейин дегеле бир болуп көрбөгөндөй көлөм топтоо керек.
Бул жерден суткалык лимит бар экенин айта кетүү зарыл. Алар сактоочу жайлардын технологиялык мүмкүнчүлүгү менен чектелип турат. Мындан тышкары, газга талап Азия рыногунда өсө баштады, ал эми санкциялык басымга кабылган Россия жана "Газпром" компаниясы продукциясынын бир бөлүгүн Азияга багытташы мүмкүн. Бул дагы баанын жогорулашын шарттай турган жагдай.

"Көгүлтүр оттун" артынан "кара алтын"

Газдан тышкары нефтинин баасы өстү. 2-мартта 2014-жылдан бери биринчи жолу Brent маркасындагы нефтинин баррели 113 долларга чыкты.
"Эгер АКШ менен ЕБ россиялык нефтинин импортуна чектөө киргизсе, бул дүйнөлүк баага таасирин тийгизмек", — деди Фролов. — Башкача айтканда, биз албуут алып сатарлык реакцияга күбө болуп жатабыз. Оюнчулардын айрымдары рыноктогу абалды ого бетер курчутуп, көбүрөөк пайда көрүү үчүн түзүлгөн кырдаалды колдонуп жатышат".
"Нефть баасы газдыкындай эле негизинен Россия менен Украинанын айланасындагы абалдан улам жогорулап жатат. Анткени Россия ири өндүрүшчү жана ири экспортёр. Өлкөгө байланышкан тигил же бул окуя чыңалууну жана баанын өсүшүн шарттайт", — деди Юшков.
Фроловдун айтымында, ЕБ менен АКШ россиялык нефтини импорттоого чектөө киргизери күмөн. Өзгөчө Американын айланасындагы маселе кызык.
"Россия АКШга жеткирилген нефть менен мунай продуктусунун көлөмү боюнча 2-орун үчүн Мексика менен алышып келе жатканын көпчүлүк биле бербейт. Ал эми Кошмо Штаттарда акыркы айларда мотор майы кескин кымбаттап кетти, азыр литри бир доллардан ашты. Бул калктын нааразычылыгын жаратууда, АКШ президентинин администрациясы бааны ооздуктап туруу үчүн ар кандай кадамдарга барып жатат. Эгер Россияга чектөө киргизсе, баа бир нечелеп өсүп кетиши толук мүмкүн. Албетте, аларга мунун кереги жок", — деди эксперт.
Аскердик базага америкалык аскерлердин келүү аземинде НАТОнун желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда: НАТО Россия менен жаңжалдашабы?
"Негизи эле Батыш россиялык нефтини сатып алууга тыюу сала алабы? Жок, анткени аны алмаштыра турган нерсе жок, — дейт Юшков. — Канткен күндө да Иран Россияга салыштырмалуу азыраак көлөмдө казат. Эгер Иранды санкциялардан бошотсо, эң жакшы дегенде суткасына 2-2,5 миллион баррель өндүрөт, жарым-жартылай Россияны алмаштыра алат. Бирок бул Россия экспорттогон көлөмдөн 5-7 миллион баррелге аз".
Андыктан эксперттин айтымында, россиялык нефтини сатып алууга киргизилчү бардык санкциялар бааны ого бетер жогорулатып жиберет, бул Батыш үчүн дегеле пайдасыз. "Россиялык нефтини сатып алууга эч ким тыюу салбаса керек, бирок геосаясий абал бааны жогорулата берет", — деди Юшков.
Россияга карата "Иран сценарийин" ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү канчалык деген суроого эксперттер терс жооп беришти.

"Теориялык жактан алганда мындай вариантты да кароо керек, — дейт Станислав Митрахович. — Бирок Россия баары бир Иранга караганда чоңураак, россиялык экономика Ирандыкына караганда кыйла кеңири. Санкциялар Иран экономикасы менен саясий режимин жок кыла албагандан кийин Россия экономикасы менен режимине андан бетер тиши өтпөйт. Номиналдык ИДП боюнча алганда Россия дүйнөдө 11-сапта турган мамлекет, ал эми сатып алуучулуктун паритети боюнча ИДПны эсептей келгенде алтынчы орунда. Дүйнөнүн экономикалык картасынан планетада алтынчы же, мейли, 11-орунда турган мамлекетти чийип салуу мүмкүн эмес".

"Россияга Ирандын сценарийи менен санкция киргизүүгө, менимче, болбойт, — деп сөзүн улады Фролов. — Россия нефть боюнча дүйнөлүк өндүрүштүн 10 пайызын ээлейт. 2020-жылкы кризиске чейин өлкө 550 миллион тоннага чейин мунай өндүрүп келген, ал эми 2021-жылы бул көрсөткүчкө абдан эле жакындап келди. Бул нефтинин 55 пайызы кайра иштетүүгө жөнөтүлөт, калган сырьё экспортко кетет. Иштетилген сырьёнун мунай продуктусу катары кайра эле экспортко жөнөтүлөт. Мисалы, Россия 75 миллион тонна дизель майын өндүрөт, анын 40 миллиону четке чыгарылат. Бул Россия ири өндүрүшчү эле эмес, ири экспортёрлордун бири экенин да көрсөтүп турат. Рыноктон суткасына 5 миллион баррелдик нефтинин жоголушу, азыр 6-6,5 баррелге чейин жетиши мүмкүн, баага өтө катуу таасир этет".
Эксперттер санкциялар кирген күндө да Россия башка регион менен соода жүргүзүү жөндөмүн жоготпой турганын белгилешүүдө.
"Азыр АКШ дүйнөдө жалгыз ири держава болуп турган 1990-жылдар эмес, кырдаал башкача, — дейт Митрахович. — Батыш Россия нефтисин алууга тыюу салып койгон күндө да Кытай, Индия жана Россияга көзү түз бир топ мамлекеттер калат. Алар Россия менен соодасын уланта берет".
Анын үстүнө Кытай жакында эле Россиянын бош нефтисин сатып алууга даярдыгын билдирген.
Украинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты

Мурунку СССРге кирген мамлекеттерди эмне күтөт?

Игорь Юшковдун айтымында, азыркы кырдаалда Молдованын "абалы начар".

"Молдованын азыркы келишиминде спот рыногуна байланган нерсе бар. Европанын споттук рыногунда газ канчалык кымбат болсо, Молдова үчүн да баасы ошончо жогору болот. Республика азыр Европа өлкөлөрү кабылган абалда. Европага ыктай турганын айтып да, далилдеп да келген өлкө жетекчилиги азыр европалык келишимде көрсөтүлгөн баага таң калууда. Молдова үчүн да баа өсөт, азыркы геосаясий кырдаал алар үчүн оголе ыңгайсыз", — деди эксперт.

Митраховичтин айтымында, Молдова жакын арада өнөр жай ишканалары үчүн чектөө киргизиши мүмкүн. Ушундай эле кырдаалга Балтика өлкөлөрү да кабылууда дейт Игорь Юшков.
Россиянын Балтика өлкөлөрү менен товар айлантуусу жылдан жылга азайып бара жатат, бирок акыркы окуяларга чейин чектөө отунга тиешелүү болгон эмес дейт Александр Тимофеев.
"2019-жылдын башында Россия Балтика өлкөлөрүнүн нефть жана газ рыногунун басымдуу бөлүгүн ээлеп келген. Эстония менен Литванын импорттогон нефтисинин 75 пайызы, Латвиянын 25 пайызы, Эстония менен Литванын газ импортунун 75 пайызы жана Латвиянын 50-75 пайызы Россияга туура келчү. Мындан тышкары, аймактагы үч негизги газ компанияларында акциялары бар эле. Мунун баарын эске алсак, Европа рыногунда, Балтика өлкөлөрүндө баа өсүүнүн гана үстүндө болот", — деди эксперт.
Ал эми евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттерге газдын кымбатташы эч кандай таасир этпейт дейт Игорь Юшков. "Алар үчүн эч нерсе өзгөрбөйт. Мисалы, Беларуста миң куб метри 127 доллар чегинде бекитилген. Бул эң арзан баа. Арменияда баа 200 доллар. Бул жагынан алганда абал жакшы", — деди эксперт.
Анын айтымында, Борбор Азия да кооптонбой жашай берсе болот. Тескерисинче, углеводороддордун кымбатташы аларга пайда гана алып келет, себеби газ менен нефть ал жактан Кытайга экспорттолот.

"Эгер Россия менен Батыш бири-бирине катаал санкция киргизе берсе мындан кайсы бир деңгээлде Казакстан жабыркашы мүмкүн, — дейт Юшков. — Россия аркылуу Азиядан нефтинин транзиттик бөлүгү Казакстандан өтөрүн эске алуу зарыл. Каспий газ түтүк консорциуму бар, ал Казакстандан Россияга, Новороссийскиге нефть өткөрөт, андан ары экспортко кетет".

Андыктан эгер Россия газ менен нефтинин транзитин токтотуп койсо казакстандык экспорт үчүн тобокелчилик жаралышы мүмкүн. "Бирок Россия буга жол берет деп ойлобойм. Мында дагы бир жагдай бар: консорциумда америкалык Chevron компаниясы бар, санкциялык соккулардан ошол жабыркашы мүмкүн. Бул дагы Казакстанга кедергисин тийгизет", — деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.
Украинанын желегин кармап турган кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: Стокгольм синдромунан канткенде арылууга болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0