Электрондук каттоо эми айылдарда да иштейт. Баланы 1-класска киргизүү боюнча маек

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи конгуроо. Архив
Биринчи конгуроо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
Баланы 1-класска электрондук каттоо быйыл кыйла башкача болот. Системадагы өзгөрүүлөр боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги Билим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматовдон жооп алды.
Sputnik агенттигинин буга чейинки мектепке электрондук каттоо боюнча материалынан кийин айрым ата-энелер системадагы өзгөрүүлөргө нааразы болуп чыккан. Айрымдары жаңы кирген эрежелерге түшүнбөй жатканын да айтышкан. Мындан улам система боюнча түшүнбөгөн суроолорго адистен жооп алууну туура көрдүк.
© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов: Республика боюнча бизде мамлекеттик жана муниципалдык 2 150 мектеп бар. Алардын баары 1-класска балдарды эми электрондук негизде кабыл алат.
Заведующий сектором информационного обеспечения Минобрнауки КР Расул Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Билим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов: Республика боюнча бизде мамлекеттик жана муниципалдык 2 150 мектеп бар. Алардын баары 1-класска балдарды эми электрондук негизде кабыл алат.
— Эмне себептен быйыл электрондук каттоо мурдагыдай февралда башталган жок?
— Биринчиден, бул система быйыл республика боюнча жайылып жатат. Буга чейин пилоттук негизде чоң шаарларда жана эки-үч райондо гана иштечү. 2022-2023-окуу жылынан баштап өлкө боюнча бардык мектептер бул системага кошулду.
Экинчиден, окуу жылы 15-сентябрга жылдырылгандыктан дагы электрондук каттоону апрель айына койдук. Системада быйыл өзгөрүү өтө көп, февралга жетишпей калмакпыз.
— Ошондо айылдарда да баланы 1-класска электрондук каттоо менен киргизип калабы?
— Ооба. Республика боюнча бизде мамлекеттик жана муниципалдык 2 150 мектеп бар. Алардын баары 1-класска балдарды эми электрондук негизде кабыл алат. Система быйыл абдан жөнөкөйлөштүрүлдү. Маселен, мурдагыдай бир нече документти тиркебейт. Мурда баары бир учурда кирип, документ тиркегенде система көтөрө албай токтоп калып, ата-энелер нааразы болуп чалышкан. Быйыл аны алып салдык. Маалыматты тийиштүү жолчолорго жазганда эле система жаранды өзү идентификациялап, юридикалык каттоосуна ылайык тийиштүү мектептерди чыгарып берет. Ал эми экинчи этап 27-июнда башталат.
— Эки этаптын артыкчылык, кемчилигин ушул жерден айта кетесизби?
— Мисалы, биринчи этап менен баласын мектепке электрондук каттоодон өткөрчү ата-энелерде тандоо жок. Алар аты-жөнү, паспорттогу маалыматтарын жазып, ПИН номерин тергенде эле система анын юридикалык катталган жери боюнча мектепти сунуштайт. Ал өзү жашаган жердеги эле мектепке бере алат. Эгер ага макул болбосо, экинчи этапты күтөт.
Ал эми юридикалык каттоосу башка жактагы ата-энелер (факт боюнча катталгандар) экинчи этапта системага кирип өзүнүн, баласынын маалыматтарын терген соң кайсы шаарда болсо ошол шаарды жана районду көрсөтөт. Маселен, Бишкекте жашаса төрт райондун бирин тандайт. Өзү Свердлов районунда жашап, бирок Биринчи май районундагы мектептерге берүүнү кааласа, анда Биринчи май району деген пунктуну басышы керек. Андан кийин ал жактагы бош орун калган мектептердин тизмеси чыгат.
© Sputnik / Табылды КадырбековРасул Маматов: Система быйыл абдан жөнөкөйлөштүрүлдү. Маселен, мурдагыдай бир нече документти тиркебейт.
Заведующий сектором информационного обеспечения Минобрнауки КР Расул Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Расул Маматов: Система быйыл абдан жөнөкөйлөштүрүлдү. Маселен, мурдагыдай бир нече документти тиркебейт.
— Ар бир ата-эне баласын күчтүү мектепке берүүнү каалайт, тандоо укугу болушу керек. Системага өзгөртүү киргизүү менен мектеп тандоо укугуна чектөө коюп жаткан жоксуздарбы?
— Чектөө болот. Аны моюнга алабыз. Бирок биз быйыл эки тарапка тең оптималдуу вариантты сунуштап жатабыз. Бул системаны үч жыл иштеттик. Үч жыл аралагында Бишкектеги жалпы 100гө жакын мектептин ичинен ата-энелер балдарын аз эле бөлүгүнө берерине күбө болдук. Башкача айтканда, ушул 100гө чукул мектептин теңинен азы гана берилген квотасын толтурат. Калганы квота толтура албай, толбой калууда. Кээ бир мектепте бала өтө көп, айрымдарында класс толбой калат. Системага өзгөртүү киргизүү менен толбой калган мектептерди толтуруп, ашыкча болуп жаткандарды азайтууну көздөп жатабыз. Бир эле мектепке тыгыла бербей, бош оруну барларына да бериш керек.
Өзгөртүү киргизгенибиздин дагы бир себеби бар.
Былтыр микроучастокко карабай бардык ата-энеге бирдей шарт түзүлгөн. Электрондук каттоо системасы ачылары менен мектептин жанында жашабагандар дагы катталып, мектептин түбүндө өмүр бою жашагандарга орун калбай калган. Бизге ошол жарандар кайрылып нааразы болушкан.
— Быйыл мигранттарга да шарт түзүлдү деп жатасыздар. Алардан кандай документ талап кылынат? Жол-жобосун түшүндүрүп коесуздарбы.
— Эгерде башка мамлекетте жүргөн мигрант Кыргызстандын эле жараны болсо, анда электрондук каттоону башкалар сыяктуу эле толтурат. Баласын өзүнүн паспортто жазылган жериндеги мектепке берем десе 1-этап менен катталат. Эгер район, мектеп тандайм десе, экинчи этапты күтөт.
Эгер чет жакта жүргөн мекендеш ошол өлкөнүн жарандыгын алса, бирок баласы Кыргызстанда болсо, анда электрондук каттоодон баласын карап жаткан мыйзамдуу өкүл өткөрөт. Башкача айтканда, мыйзамдуу өкүлдүн маалыматтары жазылып, аны тастыктаган документи тиркелет.
Кыргызстандын жарандыгын албагандарга (мисалы, Кыргызстанда жашаган чет өлкөлүк жаран) персоналдык жеке номер берилет. Алар ошол номер менен эле каттала берет.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Расул Маматов: Азыр мектептерде чоң жумуш жасалып жатат. 2 000ден ашык мектепке тиешелүү болгон микроучастоктор такталууда.
Заведующий сектором информационного обеспечения Минобрнауки КР Расул Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Расул Маматов: Азыр мектептерде чоң жумуш жасалып жатат. 2 000ден ашык мектепке тиешелүү болгон микроучастоктор такталууда.
— Электрондук каттоо боюнча былтыркыдай нааразы пикирлер көп айтылса системага кайра өзгөртүү киргизесиңерби?
— Азыр мектептерде чоң жумуш жасалып жатат. 2 000ден ашык мектепке тиешелүү болгон микроучастоктор такталууда. Алсак, кайсы көчө кайсы мектептин микроучастогуна кирери каралып жатат. Бул 1-этаптагылар үчүн маанилүү. Алар паспорттогу маалыматтарын жана ПИНди тергенде эле тиешелүү мектеп чыгып калат. Быйыл кемчилик кетсе, эмдиги жылы аны оңдоого аракет кылабыз.
— Микроучастоктор такталган соң ал база башкаларга жеткиликтүү болобу? Ата-энелер жашаган жери боюнча кайсы мектепке карай турганын кантип биле алат?
— Ушул нерсени "Инфокомго" айттык. Кабыл алууга аз калганда ал базаны чыгарабыз. Анда ата-энелер кайсы мектепке кирерин көрө алышат.
Дагы бир учурду белгилеп кетейин. Ата-энелер "биз өзүбүз каалаган мектептин жанында катталган эмеспиз же каттообуз башка жакта" деп отура бербей 1-этап менен юридикалык катталган жери боюнча мектепке баласын каттап койсо болот. Экинчи этапта каалаган мектебинде бош орун калса, ошол жакка которуп кое алат. Ал үчүн жеке кабинетке кирип, "мектеп алмаштыруу" деген пунктуну басып коюу жетиштүү. Эгер өздөрү самап жүргөн мектепте бош орун калса, ал жакка которуп коет.
Биринчи класстын окуучулары сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Көп эрежеси өзгөрдү. Баланы мектепке электрондук каттоо боюнча 5 суроого жооп
Көчөдө бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Тазабек Икрамов калпакты мектеп формасы катары киргизүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0