Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сулайманов: өлкө боюнча 3 859 үй-бүлө кооптуу аймакта жашоодо

© Sputnik / Асель СыдыковаӨКМдин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов
ӨКМдин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
ӨКМдин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов жазга карата өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Республика боюнча 3 859 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашоодо. Булардын ичинен 2 488 үй-бүлө жер тилкесин алып, көчпөй жаткандар. Бул тууралуу Асан Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сулайманов: өлкө боюнча 2 488 үй-бүлө кооптуу аймакта жашоодо
Анын айтымында, жаан-чачындан улам 2 500 аймакта сел, суу каптоо коркунучу бар экени аныкталган.

"Аба ырайынын жылышына байланыштуу кырсыктарды болтурбоо боюнча комплекстүү иш-аракеттер уюштурулууда. Тактап айтканда, кырсыктын алдын алуу, эскертүү, жээктерди бекемдөө, каналдарды тазалоо менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери. Республика боюнча 3 103 дарыянын жээктеринен суу ташкындоо кооптуулугу бар. Мындан тышкары, жаан-чачындан улам пайда болгон сел, суу каптоо коркунучу бар 2 500 аймак аныкталган. Учурда республика боюнча 3 859 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш болгон кооптуу аймактарда жашоодо. Алардын көпчүлүгү жер көчкү коркунучу бар жерлер болуп саналат. Мунун ичинен 1 371 үй-бүлө мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин албагандар. Ал эми калган 2 488 үй-бүлөгө мамлекеттик көмөк, жер тилкелери берилген. Ошого карабастан турмуш-тиричилик ыңгайына карап, тактап айтканда, айдоо, үлүш, жайыт жерлери бар экендигин жүйө келтирип көчпөй жатышат. Буларды көчүрүү боюнча ӨКМ жергиликтүү бийлик менен биргеликте өкмөттүн тапшырмаларына ылайык иш алып барууда", — деди Сулайманов.

Ошондой эле ал айрым учурда жарандарга бөлүнүп берилген жер тилкелери жок болуп кеткен (сатылып же башка себеп менен дайыны табылбай калган деген мааниде) учурлар кездешип жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0