Түркияда Айеркен Саймаитини өлтүрдү делген жети адамга соттун өкүмү чыкты

© Фото / Pexels / EKATERINA BOLOVTSOVAСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жазылуу
Сот залындагы жети айыпталуучунун бирөө гана эркиндикке чыкты.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Стамбулдун соту Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелген жарандарга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу түркиялык Haberler басылмасы жазды.
Бизнесменди өлтүрүүгө айыпталып жети адам сот залында отурган. Абдулла Энвер, Хусейн Ахметалиев жана Самера Баргута "Биримдик жана мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнө кол салуу" беренеси боюнча өмүр бою эркинен ажыратылды.
Энвер менен Ахметалиевдин адам өлтүргөнү жана куралдуу террордук уюмга катышканы далилденген. Буга байланыштуу аларга 500 миң лир айып салынган (36 миң долларга жакын).
Үчүнчү айыпталуучу Самер Баргут атайылап адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн 13 жылга эркинен ажыратылды.
Террордук уюмга жардам берген деген айып менен Али Исбех, Али Эл Хаж Али жана Ассад Элхати үч жылга камалды. Ал эми жетинчи айыпталуучу Нормахамат Арипхонов абактан чыкты.

Саймаитинин өлүмү

Айеркен Саймаити 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Саймаити дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.
Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, консулдук номер жасалма болуп чыккан.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул автоунаа Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна тийиштиги бар экенин жазып чыгышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо машинага тагылган номер кимге таандык экени такталып жатканын маалымдаган. Соцтармактын колдонуучулары машина башкы консул Эркин Сопоковго таандык экенин айтып чыгышкан. 12-ноябрда ал иштен бошотулган. Кийин окуя болгон жерде чын эле Сопоковдун унаасы турганы аныкталган. Бирок Сопоков өзү унаа кандайча ошол жерге барып калганын түшүндүрүп бере алган эмес.
Түрк басылмалары кылмышка шек жаратып үч киши кармалганын, алардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык экенин жазган. "Кыргызстандыктардын" аты Hüseyin Ahmetaliyev (Хусейн Ахметалиев) жана Abdullah Enver (Абдуллах Энвер), ал эми сириялык — Ali Isbeh (Али Исбех) экени айтылган. Бирок кийинчерээк алар Кыргызстандын жараны эмес экени аныкталган.
ЖМКлардын маалыматына караганда, колго түшкөндөр Саймаитини Кыргызстандагы финансылык көйгөйлөрү үчүн өлтүрүшкөнүн билдирген.
Бизнесмен Айеркен Саймаитинин ысымы журналисттик иликтөөдөн кийин белгилүү болгон. Андагы материалда Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Райым Матраимов чет өлкөгө ири суммада акча чыгарып кеткени айтылган. Ошондой эле акчаны чыгарууга Саймаити катышканы белгиленген.
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2020
Саймаитинин өлүмү: экс-консул айып төлөп, бошоп чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0