Кыргызстанда лотерея өткөрүү боюнча долбоор ишке ашат

© flickr.com / FatbooЛотерея билеттери. Архивдик сүрөт
Лотерея билеттери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2022
Жазылуу
Экинчи долбоорго ата мекендик "Гермес Логистик" компаниясы инвестор болору айтылды. Долбоор ар кандай мелдештерди өткөрүү үчүн заманбап имараттарды курууга багытталган.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 22-февралда Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк программасы боюнча долбоорлорду ишке ашыруу келишимдерине кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк борбору кабарлады.
"Анын ичинде чет өлкөлүк Elbet d.o.o. жана Axel инвесторлору менен лотереялык ишмердүүлүктү киргизүү боюнча келишимге кол коюлду. Аталган компаниялар Европа жана Азиянын бир топ мамлекеттеринде ар түрдүү лотереяларды иштеп чыгып, ишке ашырып келишкен. Эл аралык тажрыйбасы мол", — деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, долбоор өлкөдө лотерея ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Максаты — республикалык бюджетти толтуруп, калктын лотереяга катышуу муктаждыгын канааттандыруу болмокчу.
"Ал 10 жылга эсептелген. Мындан ары да узарышы ыктымал. Аны ишке ашыруу болжол менен жарым жылдан кийин башталып, ага чейин инвесторлор жабдууну орнотуп, персоналды окутуу боюнча даярдоо иштерин жүргүзмөкчү. Техникалык бөлүгүн мамлекет өз мойнуна алат", — деген борбордун жетекчиси Санжарбек Болотов.
Экинчи долбоорго ата мекендик "Гермес Логистик" компаниясы инвестор болору айтылды. Долбоор ар кандай мелдештерди өткөрүү үчүн заманбап имараттарды курууга багытталган.
"Анын алкагында Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун айланасында спортчуларга заманбап машыгуу залын жана мелдеш үчүн зал куруу пландалууда", — деп жазылат маалыматта.
Жалпысынан келишимдер 1 миллиард 212 миллион сом өлчөмүндө инвестиция тартканы кошумчаланды.
Дүкөндөгү маскачан кассир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Өкмөт дүкөндөн чек чогулткандар үчүн лотерея ойнотууга белсенүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0