Калбаев: IshtApp мобилдик колдонмосу иш издөө түйшүгүн жеңилдетет
© Sputnik / Табылды КадырбековБУУнун Өнүктүрүү программасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Чынтемир Калбаев. Архивдик сүрөт
Жазылуу
БУУнун Өнүктүрүү программасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Чынтемир Калбаев IshtApp тиркемесин колдонгондордун саны 7 511ге жеткенин айтты.
2021-жылы жазында БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын бардык аймактарында жумуш издөөгө мүмкүнчүлүк берген тиркемени ишке киргизген. Бул жумуш издөөчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн инновациялык жумуш издөө системасы экенин Чынтемир Калбаев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Калбаев: IshtApp мобилдик колдонмосу иш издөө түйшүгүн жеңилдетет
Анын айтымында, учурдун талапка жараша иштелип чыккан мобилдик колдонмо иш издөө түйшүгүн жеңилдетет.
"Пандемиядан улам жумушсуздардын саны өстү. Ал эми 2021-жылы ишке киргизилген IshtApp колдонмосу кызматкер, жумуш издөөчүлөр үчүн абдан ыңгайлуу жана керектүү тиркеме болуп калды. IshtApp колдонмосунун жардамы менен жумуш табууну кааласаңыз, тиркемени көчүрүп алып жеке баракчаны каттатып, резюмени толтуруу зарыл. Аны сиз тандаган вакансияларга тапшырып, колдонмонун ичиндеги атайын фильтр аркылуу сизге гана кызыктуу вакансияны тандайсыз. Иш берүүчүлөр тарабынан жарыяланган вакансияларды регион, иштин түрү, маянасы, убактысы сыяктуу өзгөчөлүктөрүн карап, сизге жаккан гана ишти тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Акылдуу технологиялардын жардамы менен сиз издеген гана иш көрсөтүлөт. Сизге таандык жеке аккаунтуңуз менен каалашыңызча бош орундарга резюмеңизди тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Жеке маалыматыңыздын сактыгы эң мыкты жабдыктар жана программалар менен камсыздалган. Ушул убакытка чейин тиркемени колдонгондордун саны 7 511ге жетти. Ал эми жумуш берүүчүлөр 465, жарыяланган вакансиялардын саны 1 789ду түзөт. Тилекке каршы, тиркеме аркылуу канча киши жумушка орношконун билүү жана бул процесске мониторинг жүргүзүү мүмкүн эмес", — деди Калбаев.
Ал тиркеме Android, Harmony жана iOS платформаларында кыргыз, орус тилдеринде жеткиликтүү экенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: