Эки бала менен энесин аз жерден кар басып кала жаздаган видео

Жазылуу
Казань аймагында эки балалуу келинди аз жерден кар басып кала жаздады. Кооптуу ирмемдердин видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
Казанга жакын жайгашкан айылдардын биринде келин бир баласын жетелеп, бир баласын көтөрүп эшикте жүргөн. Кардын күүлдөп келе жатканын уккан аял баласын колунан жетелей, ыңгайын таап, цемент түркүктүн артына тура калган. Кар тозоңу абага көтөрүлүп, бир учурда эч нерсе көрүнбөй калган. Бир аздан кийин түркүктүн артынан кыймылдаган караанды, аман калган эне менен бөбөктөрдү байкоого болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0