Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Дүйнөлүк океандагы артыкчылык. РФтин Каспий флотилиясына мүнөздөмө

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКаспий флотилиясынын кемелери парад учурунда. Архив
Каспий флотилиясынын кемелери парад учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2022
Жазылуу
Россиянын Аскер-деңиз флотунун Каспий флотилиясынын согуштук кемелеринин аскердик машыгууларга чыгышы – геосаясий көрүнүш.
2600 чакырымдык аралыкка ылайыкталган "Калибр-НК" ракеталык комплекси Каспий акваториясынан Балтика жана Кара деңиз, Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабы, Жакынкы Чыгыш, ошондой эле "фронттош" Румыния, Болгария, Польша, Украина жана Балтика өлкөлөрүндөгү буталарын жок кыла алат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган флотилиянын артыкчылыктарына токтолгон.
Россиянын Каспий флотилиясынын күчтөрүнүн ар кыл багыттагы тобу 17-февралда пландалган аскердик окуулардын алкагында 20 согуштук кемеси менен деңизге чыкты. Экипаждар минага каршы камсыздоо, диверсияга каршы жана абадан коргонуу боюнча, ошондой эле ракеталык жана артиллериялык ок атууга машыгышат.
"Дагестан", "Град Свияжск", "Углич", "Великий Устюг", "Махачкала", "Астрахань", "Ступинец" ракеталык кемелери, булардан сырткары артиллериялык чакан кемелер жана тральщиктер РФ Аскер-деңиз флотунун Дүйнөлүк океандагы ири масштабдык окууларына тартылган. Бул аскерий иш-чарага 140тан ашуун согуштук кеме, 60 учуучу аппарат, 1000 аскер техника бирдиги, 10 миңге чукул аскер моряктары катышат.
Каспий флотилиясы – РФтин аскер округунун деңиз компоненти, Борбор Азия чөлкөмү жана Түштүк Кавказ аймагындагы туруктуулуктун кепили. Аскер-деңиз бирикмесинин курамында бир нече бригада жана дивизиялык кемелер, жээктеги аскер күчтөрү бар.
Каспий флотилиясынын таамай ракеталык куралдары 2600 чакырымга чейинки аралыктагы буталарын бура бастырбайт. Бул чекте бүтүндөй Кара деңиз акваториясы, Жер ортолук деңиздин чыгыш бөлүгү, Балтика деңизинин басымдуу бөлүгү, Жакынкы чыгыш өлкөлөрдүн бир даары, Греция, Болгария, Румыния, Польша, Литва, Латвия, Эстония жана Украинанын толук территориясы турат.
Европага америкалык F-35, F-15, B-52 учактарын жеткирүү "өнөктөштөр" үчүн өтө кооптуу. Бул жакта кокус НАТО менен куралдуу жаңжал тутанып кетсе, Россия Вашингтон жана Брюсселдеги "чечим кабыл алуу борборлорунун" ишин бачым эле токтотуп коё алат.
636.3 долбоорундагы суу түбүнө ылайыкталган алты Варшавянка дизель-электрдик суу астындагы кайыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жабык Кара деңиз: Россиянын машыгуусу — опуза эмес, эскертүү
Каспий флотилиясы канаттуу "Калибрлерди" алгач ирет 2015-жылы пайдаланган. Бир атылган 26 канаттуу ракета Сирияда жихадчылар жайгашкан жерлерди жана объектилерди таамай талкалаган. Андан бери РФтин Аскер-деңиз флотунун ракеталык технология жана тактикасы кыйла илгериледи. Каспий флотилиясынын кемелери Волга жана Дон, Азов жана Кара деңиздерде флоттор арасында тажрыйба топтошкон. Бул аталган флотилиянын Европалык согуштук аракеттер театрында ыкчам зонасын бир топ кеңейтет.
Каспий флотилиясы жана Кара деңиз флотунун быйылкы биргелешкен окууларында авиация күчтөрү, абадан коргонуу тутуму, РФтин Түштүк аскер округунун жалпы аскер бирикмесинин бөлүктөрү менен бирдиктүү тактикалык багытта машыгып, Жер ортолук деңиз аймагында күчүн көрсөтө алат. Дал ушул чөлкөмдө "өнөктөштөрдүн" Россияны "ооздуктоо" ниети күч эмеспи. Абадан сокку уруучу үч топту ушул аймакка тартышкан. Америкалык топту – USS Harry Truman, франциялык топту – Charles de Gaulle, италиялык топту Cavour 550 баштайт.
АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн 6-флотун дагы төрт ракеталык эсминец (жалпы – сегиз), ошондой эле "Огайо" тибиндеги суу түбүндөгү атомдук кайык, 154 Tomahawk канаттуу ракетасы менен бекемдеген. Ошентсе да Россия Аскер-деңиз флотунун пландарын буза алганы жок.
Жер ортолук деңизде РФтин "Варяг" жана "Маршал Устинов" ракеталык крейсерлери бар, ал эми "Москва" деген аталыштагы крейсердин келер маалы да жакындап барат.
"Атлант" долбоорунун кемелери бортунда "Вулкан" кемеге каршы коргонуу ракетасынан 16 бирдик ташый алат. Эске салсак, алар 1000 чакырым аралыкка (2,5 Мах ылдамдыкта) багытталып, кадимки жана өзөктүк бөлүккө ээ, ошондуктан түндүк атлантикалык альянстын абадан сокку уруучу бардык топторунун мизин кайтарууга жетет.
Машыгууну тактикалык жактан татаалдаштыруу үчүн РФ Коргоо министрлиги сириялык Хмеймим авиабазасына "Кинжал" (ылдамдыгы – 12 Мах, багындырчу аралыгы – 2000 чакырым) гипер үндүү ракеталары менен МиГ-31К истребителин, Х-32 (ылдамдыгы – 4,4 Мах, багындырчу аралыгы – 1000 чакырым) канаттуу ракеталары менен Ту-22М3 бомбалоочуларын жеткирген.
Россиянын аскер кызматкери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Эки бөлөк чечкиндүүлүк. Эки ири өлкөнүн аскердик машыгууларына сереп
АКШ менен НАТО Чыгыш Европадагы өздөрүнүн чагымчыл аракеттерин кырдаалды ырбатуу катары көрүшпөйт. Ошол себептен Россиянын Аскер-деңиз флоту жана Аба-космостук күчтөрүнүн алдыда иши оголе арбын сыяктанат.
Көп полярдык дүйнө жана тегиз коопсуздукка "өнөктөштөр" даяр эмес, Россия менен геосаясий тиреште да утулары айкын. Антсе да моюн сунгулары жок. Британиялык Al-Quds басылмасы Россияга карата Батыштын саясаты ишке ашпай калды.
"Ушул тапта Россия Чыгыш Европадагы чыныгы аскердик реалдуулукту таңуулоо менен НАТОну кыйын абалга калтырууда. Бул азыр Украинада байкалууда, кийинчерээк Румыния, Болгария жана Польшада да ушул жагдай жаралышы ыктымал", - деп боолголойт аталган маалымат каражаты. Ал эми швециялык Svenska Dagbladet: "Путин Украинага кол салбайт. Бирок баары бир ал утат", — деген жоромолун ортого салат. Балким сырттан даана байкалар.
Жер ортолук жана Кара деңизде Россиянын Аскер-деңиз флотунун сокку уруучу кемелеринин күчтүү тобу, Беларусь, Сирияда жана башка стратегиялык түйүндөрдө абадан коргонуу тутумдарынын соңку үлгүлөрү жайгаштырылышы, алдыда РФтин өзөктүк күчтөрүнүн ири масштабдагы аскердик окуулары россиялык таасирдеги зонада АКШ жана НАТО үчүн өтө кооптуу экенинен кабар берет. Альянстын чыгышка карай кеңейиши тургай, Москва менен болгон алакадагы Вашингтондун стратегиялык жаңылыштыктары АКШ жана Европадагы вассалдары үчүн оор кесепеттерге кептеши мүмкүн.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Америкалык F-35 Lightning II истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
F-35 кайрадан кырсыкка учурап... АКШ истребителинин жолу неге мынча катуу?
Жаңылыктар түрмөгү
0