Баңгизатты алмага, кургак сүткө катып... Кылмышкерлер колго түшүрүлгөн видео

Жазылуу
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2021-жылы баңгизат аткезчилерин кармоо жана баңгизат каналдарына бөгөт коюу боюнча кандай ири операциялар жүргүзүлгөнүн көрсөттү.
Роликте ошондой эле 2021-жылдагы эл аралык кызматташтык жана баңгичиликти алдын алуу багытындагы жетишкендиктер чагылдырылган.
БМЖККК тарабынан өткөн жылы баңгиликке байланыштуу 435 кылмыш аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн үч тоннага жакын тыюу салынган заттар алынган. Эң көбү прекурсорлор (1 тонна 845 килограмм), кара куурай (306 кг), марихуана (285 кг), нашаа (225 кг), кара куурайдын саманы (171 кг) жана башкалар болгон.
Ошондой эле чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды "тышкы көзөмөлдөгү жеткирүү" ыкмасы менен беш, "ички көзөмөлдөгү жеткирүү" ыкмасы менен эки атайын операция жүргүзүлгөн.
Министрлик баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары жөнүндө маалымат болсо БМЖКККнын нөөмөт бөлүмүнө 0312 66-02-44 жана 0312 66-06-16 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүндү.
Тема боюнча:
Оңой акчага азгырылбагыла! Россиядагы мекендештерге сабак болчу видео
Бишкек — Ош жолунан ири көлөмдө баңгизат ташып бараткан киши кармалды. Видео
Лейлектин тургуну Афганистанда өндүрүлгөн гашиш менен кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0