Лейлектин тургуну Афганистанда өндүрүлгөн гашиш менен кармалды. Видео

Жазылуу
Афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттарды Кыргызстанга ташыган каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен — Исфана жолунан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Машинанын ичин тинтүү учурунда Афганистанда өндүрүлгөн эки килограмм гашиш табылган. Тартип сакчылары автоунаанын К.Э. аттуу айдоочусунун Лейлек районунун Арка-2 айылындагы үйүн дагы тинтишкен. Натыйжада үйдүн короосунда үйүлүп турган кумдун арасынан беш килограмм гашиш табылган.
Шектүү Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди. Учурда анын шериктерин аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0