Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүКар баскан талаа. Архив
Кар баскан талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Жазылуу
17-февралга караган түнү Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү түшөт.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Ысык-Көл, Нарын жергесинин кээ бир аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3...+2, Таласта -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1...+4, Ысык-Көлдө -1...-6, Нарын аймагында -5...-10 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1... +1 жана Ош калаасында +2...+4 градус болору айтылды.
Бишкекте өрүктүн гүлдөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Күн ысыйбы? Жаздын биринчи айы, мартка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0