Масалиев абактагы экс-президент Атамбаев менен эмнеге жолукканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Исхак Масалиев. Архив
Депутат Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2022
Жазылуу
Масалиев эч нерсени болжоп болбостугун, башкысы адамдык сапатты сактап калуу маанилүү экенин белгилеген.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев айыпталган кылмыш иштеринин көбү туура эмес, ага жооп бере турган кишилер башка. Коомдук ишмер Исхак Масалиев абакка барып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолукканын соцтармакка жазган постунда айтты.
Депутат анын абакка баргандыгынан саясат издеп кереги жоктугун жана өзгөчө саясий көз карашы үчүн камалганы туура эместигин жазган.
"Өткөн жумада №47 колонияга барып, Алмаз Атамбаевден кабар алдым. Ушул нерседен саясат издеп эмне кереги бар? Мен 2000-жылы президенттик шайлоодо ал кишиге активдүү жардам бергем. Аскар Акаевди кызматтан кетирүүгө Алмаз Шаршеновичтин салымы аз эмес. Убакыт келгенде өзү да президент болду. Кетирген каталар бар, аны өзү да билет.
Алмаз Шаршеновичке барганымды айтпай эле жүрдүм, бирок маалымат жарыкка чыккандан кийин тактап койсом.
Биринчиден, кечирим сураган эмесмин, өзүмдү күнөөлүү деп эсептебеймин. Президенттик кол тийбестигин алганда мен толук алып коёлу деген болчумун. Бирок кесиптештерим Соке бар деп, атайын шарт менен алынсын деген пикирди сунуштап, кабыл алышкан. Мен каршы чыктым. Азыр да кайталап койсом ашыктык болбойт, президент кызматын тапшыргандан кийин ЭЧ КАНДАЙ кол тийбестик болбосун, жөнөкөй жаран катары жооп берсин! Бул тартип бир гана Атамбаевге тийиштүү эмес, бардык президенттерге таанымал.
Экинчиден, мурдатан эле камакта отурган саясатчылардан кабар алып жүргөм. Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар. Ошол эле Садыр боюнча Сооронбай Жээнбековго кат жазып кайрылганмын, бошоткун деп. Өзүмдүн башымдан ушундай балакет 2010-жылы өткөн, ошондуктан эркиндиктин баасын жакшы түшүнөм. Өзгөчө саясий көз карашы үчүн камалганы туура эмес. Жеке пикирим ушул", — деп жазган ал.
Масалиев ал жерден Атамбаев менен бир топ убакытка чейин сүйлөшкөндүгүн айтып, эч нерсени болжоп болбостугун, башкысы адамдык сапатты сактап калуу маанилүү экенин белгилеген.
"Алмаз байке экөөбүз узак сүйлөштүк. Мурдагы таарынычтарды унутуш керек, турмуш алдыга кете берет деген ойго келдик. Эмнеси жаман? Ал кишиге бекем ден соолук каалаймын. Мойнуна койгон кылмыш иштеринин көпчүлүгү туура эмес, алар үчүн жооп бере турган кишилер башка. Аны ачык эле айтып турамын. Келгиле, достор, "бөйрөктөн шыйрак чыгарбай" эле коёлу, жөнөкөй иштен саясат кылбай", — деген Масалиев.
Анын постунун алдына ар кыл маанайдагы пикирлер жазылган. Бир катарлары мурдагы президент туурасында оюн калтырса, бир тобу депутаттын бул кадамын сындашкан.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жогорку сот Атамбаевдин иши боюнча отурумду жылдырды. Мөөнөтү белгисиз
Жаңылыктар түрмөгү
0