00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
11 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:13
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:07
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
13 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:14
55 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сайра Кийизбаева менен Бүбүсара Бейшеналиева. Чолпон жылдыздардын таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
СССРдин эл артисттери опера ырчысы Сайра Кийизбаева менен балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү 1960-жылдардын башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Фото/ из семейного архива Кийизбаевых
Ал жылдары сүрөттөгү инсандардын атагы алыска кетип, чыгармачылыгы оргуштап турган учур эле.
Опера ырчысынын кызы Зарема Кийизбаева залкарларды мындайча эскерет.
"Сүрөттө апам менен Бүбүсара эже суйкайып сулуу болуп турат. Апам "Айчүрөк" операсындагы концерттик костюмун кийип, балерина сахнага чыкчу көйнөгү менен экен. Менимче, алар сүрөткө концерттен кийин түшкөн. Негизи экөөнүн ортосунда он жаш айырма болсо дагы ынак курбулардай жакын мамиледе эле. Үй-бүлөлүк катышта болуп, мейманчылап турушчу. Бир жолу апам Сибирь жакка бир нече айга гастролдоп кетип бизди чоң энем карап калган. 1-май менин туулган күнүм болчу, балерина атайын келип, апамды жоктотпой дүкөнгө ээрчитип барып белек алып берген. Анда мен кичинекей кыз болчумун. 1973-жылы Бүбүсара Бейшеналиева кайтыш болгондо да апам аны гриммдеп акыркы сапарга узаткан", — деди Кийизбаева.
Ал жылдары опера ырчысы Сайра Кийизбаева менен балерина Бүбүсара Бейшеналиева бир театрда эмгектенип, бир сахнага чыгып ондогон шакирттерди тарбиялаган. Сайра Кийизбаева чыгармачылык жолунда ондогон дүйнөлүк чыгармаларды аткарып, дүйнөнү түрө кыдырып чет элдик көрүүчүлөрдү багындырса, Бүбүсара Бейшеналиева өзүнүн таланты менен кыргыз балетинин ханышасы аталып, өлкөдөгү балет өнөрүнүн түптөөчүлөрүнүн бири болуп турган.
Эске сала кетсек, экөө тең СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты болушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0