Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековСыдыков Урматбек Мукамбетжусупович
Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2022
Жазылуу
Урматбек Сыдыков 1974-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2011-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1992-1994 ― Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн;
1996-1998 ― "Бета Кыргызстан" фирмасында күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары;
1999-2000 ― "Макмал алтын" ишканасынын аскерлештирилген күзөт кызматында атайын даярдоо боюнча ага инструктор, кызматты уюштуруу жана өрткө каршы даярдык көрүү боюнча инструктор;
2002-2007 ― Коргоо министрлигинин Курулуш жана аскерлерди жайгаштыруу башкармалыгына караштуу Бишкек гарнизонунун техниги, камсыздоо агенти, башкы инженер, жетекчинин милдетин аткаруучу;
2007-2010 ― "Тараз — Талас — Суусамыр" автожолун реабилитациялоо боюнча башкы подрядчы, "Кайаоглу-Ерташ" ЖЧКсында сапатты тескөөчү инженер жана сатып алуу боюнча менеджер;
2010-2012 ― адвокаттын жардамчысы;
2012-2019 ― жеке адвокат;
2019-жылдын октябрынан баштап "Жеңиш" адвокаттар коллегиясынын төрагасынын орун басары.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0