Савин Виктор Евгеньевич — өмүр баяны
18:03 09.02.2022 (Жаңыртылды: 18:03 10.02.2022)
© Фото / пресс-служба ЦИК КРСавин Виктор Евгеньевич
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Жазылуу
Виктор Савин 1975-жылы 21-февралда Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана чарбалык ишкердикти талдоо" адистиги боюнча аяктаган;
2000 ― Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде экономика багыты боюнча аспирант;
2000 ― экономика илимдеринин кандидаты;
2001 ― доцент;
2002-2003 ― Techex магистратурасында бизнести башкаруу магистри (MBA);
2003-2006 ― Кыргыз-Россия Славян университетинде экономика багыты боюнча докторант;
2006 ― экономика илимдеринин доктору;
2012 ― профессор.
Эмгек жолу:
1996-2003 ― Бишкек гуманитардык университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент;
2003-2006 ― Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде экономика багыты боюнча докторантура;
2006-2022 ― Бишкек мамлекеттик (гуманитардык) университетинде декан, профессор; Кыргыз-Россия Славян университетинде профессор;
2016-2021 ― Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү.
Орус, кыргыз, немец, англис тилдерин билет.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.