Документ көйгөйүн чечүү үчүн мобилдик топ Чүй, Баткенди кыдырат. График

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши паспорт менен. Архив
Киши паспорт менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2022
Жазылуу
Бул демилгенин максаты — калкка өздүгүн тастыктоочу документтерди алууга көмөк көрсөтүү.
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мобилдик тобу Баткен жана Чүй облустарын кыдырып, жеринде кызмат көрсөтүүдө. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте 23-мартка чейин мобилдик топторду уюштурган.
Бул демилгенин максаты — мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана калкка өздүгүн тастыктоочу документтерди алууга көмөк көрсөтүү.
Мобилдик топ төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
КР жаранынын паспортун алуу үчүн документтерди кабыл алуу;
Жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алуу;
"Балага сүйүнчү" бир жолку жөлөк пулга арыздарды кабыл алуу;
Көйгөйлүү PIN үчүн арыздарды кабыл алуу;
КР жарандарынын жашаган жери жана жүргөн жери боюнча каттоо;
Дарек маалым каттарын берүү;
Чет өлкөлүк жарандарды каттоо;
Жарандык маселелер боюнча консультация берүү жана документтерди кабыл алуу;
Биометрикалык маалыматтарды каттоо.
Графиги:
3-15-февраль күндөрү Баткен районунда;
17-февралдан 2-мартка чейин Лейлек районунда;
7-марттан 23-мартка чейин Кадамжай районунда
3-9-февраль күндөрү Сокулук жана Аламүдүн райондорунда;
10-11-февраль күндөрү Москва жана Ысык-Ата райондорунда;
14-февралда Жайыл районунда;
15-февралда Панфилов районунда.
Министрлер кабинетинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2022
Жакында маморгандар элден маалым кат талап кылбай калышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0