Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чекирбаев: насвай жасоону мыйзамдаштыруу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин кластердик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев
Айыл чарба министрлигинин кластердик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин кластердик өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев насвай жасоого тыюу салган да, уруксат берген да мыйзам жоктугун билдирди.
Насвай негизинен Баткен облусунда жасалат. Анын жылдык көлөмү 287 тоннага жетет. Бул тууралуу Уран Чекирбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып маалымдады.
Чекирбаев: насвай жасоону мыйзамдаштыруу керек
Анын айтымында, насвай жасоону мыйзамдаштыруу зарыл.
"Насвай соңку учурларда популярдуу болуп жатат. Жылына 287 тонна өндүрүлсө, анын бир канча бөлүгү эмгек мигранттары тарабынан Россияга чыгарылууда. Кыргызстанда насвайды өндүрүү, жасоо, сатуу же чегүү боюнча эч кандай мыйзам жок. Тагыраагы, тыюу да салынган эмес, уруксат да берилген эмес. Жасагандар илгертеден келе жаткан технология менен эле иштеп келишет. Бирок акиташ жана башка зыяндуу заттардын кошулары бизге маалым. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте текшерип, бирдиктүү жасоо технологиясын кабыл алып, аны өндүрүүнү мыйзамдаштырып койгонубуз туура болот. Баарына эле дароо тыюу салуу менен абалды жөнгө сала албайт экенбиз, муну тамеки чегүүгө болгон тыюулардан байкасак болот. Чылымды өндүрүү менен сырттан импорттоодо акциздердин баасын теңдеп койдук эле, мындан чеккендердин саны азайып кеткен жок. Бирок мурда чылым өндүрүүчүлөр эми насвай жасоого өтүп алышты", — деди Чекирбаев.
Ал насвайдын ден соолукка зыяндуулугу боюнча да калкка көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0