Бала COVID менен ооруп калса эмне кылуу керек? Министрликтин сунуштамасы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүДары ичип жаткан өспүрүм. Архив
Дары ичип жаткан өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2022
Жазылуу
Эң негизгиси дарыгердин уруксаты жок балага антибиотик бербеш керектигин эскертти.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги бала COVID-19 менен ооруп калса эмне кылуу керектигин айтып берди.
Сунуштамалар Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын Telegram-каналына чыкты.
бала ооруп жатса бала бакчага, мектепке жибербей үйдө алып калыңыз;
жашаган жериңиздеги поликлиниканын дарыгерлерине чалыңыз;
медиктердин ооруну аныктоо жана дарылоо боюнча сунуштарын так аткарыңыз;
өз алдынча дарылабаңыз;
суюктукту көп ичириңиз (бир килограммга 25 миллилитр туура келет);
дене табын өлчөп туруңуз. Эгерде 38 градуска жетсе жана ашса дене тапты түшүрүүчү дарыларды бериңиз;
баланын акыбалы начарласа 103 номери аркылуу Тез жардам кызматына чалыңыз.
"Эскертүү! Баланы өз алдынча антибиотик менен дарылабаңыз. Аны педиатр-дарыгерлер оорунун белгилери байкалса гана жазып берет", — деп жазылган сунуштамада.
Буга чейин Республикалык штаб коронавирус жана башка вирустук инфекциялар күчөп жатканына байланыштуу кулак-мурун дарыгеринин (ЛОР) сунуштамалары менен бөлүшкөн.
Медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Радио
Сооронбаев: эми постковиддик синдром, реабилитацияга басым жасалат
Жаңылыктар түрмөгү
0