Бишкекке батыштан кирип келе жаткан жак өзгөрөт. Видео

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүШаардагы жаңы парктын бир бөлүгү. Архив
Шаардагы жаңы парктын бир бөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Жазылуу
Адистер борбор калаанын батыштан кирип келе жаткан тарабын башкача кылып өзгөртө турган эскиз сунуштады.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Архитекторлор Бишкектин Батыш дарбазасы боло турган, Дэн Сяопин проспектисинин аталган тарапты көздөй кеткен аймактарын жаңылоо пландары боюнча айтып беришти.
"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси видеонун долбоордук эскизин элге көрсөттү.
Анда Бишкекке кирип келе жаткан ар бир тараптын көрүнүшү мааниге ээ экендиги белгиленген. "Батыш дарбаза" жакта жашыл аймактар жетиштүү болгону менен көп аймактардын таштандыга толуп, машиналардын аралына, автоунаа оңдоочу жайлардын борборуна айланып кеткендигин айтышкан.

"Ал жерлерде көрктү бузган объектилер арбын, көбүн бузууга болот, кээ бир жерлерди жарандар мыйзамсыз колдонуп жүрүшөт. Жайында курулуш материалдар ээлесе, кышында көмүр төгүшөт", — деп айтылган маалыматта.

"Бишкек башкы архитектуранын" долбоорунда жашылдандырып, жакшырта турган аймак шаарын чегинен, тагыраагы Алыкулов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө дейре 1400-1500 метр жердин ээлери белгилүү болду. Жаңы эскиз боюнча проспектини бойлой түштүк тарапты көздөй тротуар түшөт жана Фучиктен тарта Патрис Лумумба көчөсүнө чейин веложол салынат. Андан ары Алыкулов көчөсүнө чейин уланарын айтышты.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтын көрктөндүрүү долбоордун эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Бишкектин чок ортосун көрктөндүрүү планы жарыяланды. Эскиз
Ар кайсы жерлерге кыска мөөнөттө отуруп эс ала калчу аянтчалар жана велосипед тепкендер үчүн да жерлер жасалмакчы.
Көңүл өзгөчө коомдук транспорт токтогон "Киркомстром" деп аталган аялдаманын тегерегине бурулат дешти. Ал жер жакшыртылып жана жашылдандырыла турганы маалым болду.
Проспектинин түндүк тарабы Кустанай көчөсүнөн тарта жашылдандырылып, аллея пайда болот. Отургучтар орнотулуп, гүлдөр тигилип, кечки маалда эс алып, сейилдөөгө шарт түзүлөт.
Маалыматта проспект Кытай мамлекеттик белгилүү партиялык ишмер Дэн Сяопиндин атын алып жүргөндүктөн бир катар ландшафттык объектилер Кытайдын салты жана дизайнын эске алып жасалары айтылган.
"Бишкек башкы архитектура" мындан сырткары шаардыктарга газ абада көп болуп кеткендиктен жана жолдо нөшөрдөн улам жолду суу каптап жаткандыктан бак-даракты көбүрөөк отургузууну сунуштады.
Эстакадалык көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Бишкектин жолдору боюнча үч ири долбоордун эскиздери
Жаңылыктар түрмөгү
0