Бишкекте батирлердин ижара акысы канча болуп жатат? Инфографика

Жазылуу
Бишкектеги батирлердин ижара акысы бир айда кандай өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо наркын көрсөтүп беребиз.
Бул материалды даярдоодо 954 жарнамага талдоо жасалды. Январда өткөн айдагыдай эле эмеректери бар батирлер жана мейманкана тибиндеги турак жайлардын ижарасына берилген жарнамаларды карап чыктык.
Ушул айда Бишкекте эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин бардык түрлөрүнүн ижара акысы жогорулаган.
Советтик типтеги эки бөлмөлүү батирлер орто эсеп боюнча 600 сомго кымбаттады. Ал эми заманбап аппартаменттер? тескерисинче, арзандады. Жеке типтегилер менен "элиткалар", ошондой эле 106-сериядагы ыңгайлуу батирлердин ижарасы 1000-3000 сомго арзандады. Үч бөлмөлүү батирлер боюнча да ушундай эле көрүнүш.
Ачык маалымат булактарына таянсак, январь айында Бишкекте эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин баасы төмөнкүдөй болду:
104-серия — 15 400 сом (8 000ден 25 400гө чейин);
105-серия — 15 500 (10 000ден 25 500гө чейин);
106-серия — 17 200 (13 000ден 30 000ге чейин);
Жеке типтегилер — 16 700 (8 500дөн 26 000ге чейин);
"элитка" — 26 200 (17 000ден 46 600гө чейин);
Мейманкана тибиндегилер — 7 000 (5 000ден 9 000ге чейин).
Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:
104-серия — 20 700 сом (12 000ден 43 000ге чейин);
105-серия — 21 700 (13 000ден 35 000ге чейин);
106-серия — 22 400 (17 000ден 34 000ге чейин);
Жеке типтегилер — 23 300 (18 000ден 38 000ге чейин);
"элитка" — 46 000 (25 000ден 127 000ге чейин).
Үч бөлмөлүү эмереги бар батирлердин орточо баасы:
104-серия — 25 500 сом (15 000ден 35000ге чейин);
105-серия — 27 500 (19 000ден 43 000ге чейин);
106-серия — 31 700 (18 700дөн 36 200гө чейин);
Жеке типтегилер — 30 100 (20 000ден 59 000ге чейин);
"элитка" — 72 200 (25 000ден 144 200гө чейин).
Тема боюнча:
Кыргызстанда жан багуу үчүн канча акча керек? Кызыктуу инфографика
Кайсы унаалар арзандады. Жолтандабас менен кроссоверлердин баасына сереп
Бензин 36 сом эле. Бир жылда күйүүчү майдын баасы кандай өзгөрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0