https://sputnik.kg/20220122/ushukcholduktun-8-sebebi-1061430548.html
Адам эмнеге үшүкчөөл болот? Эндокринолог 8 себебин айтты
Адам эмнеге үшүкчөөл болот? Эндокринолог 8 себебин айтты
Sputnik Кыргызстан
Дарыгердин айтымында, жайы-кышы үшүй бергендердин айрымдарынын организминде өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Эгер дени сак болсо, ооруканага кайрылуунун зарылдыгы жок. 22.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-22T08:30+0600
2022-01-22T08:30+0600
2022-01-22T08:30+0600
ден соолук
дарыгер
суук
организм
https://sputnik.kg/img/07e6/01/15/1061430754_0:83:1853:1125_1920x0_80_0_0_01f4f60450707449845d9b2f448db97d.jpg
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Эндокринолог Мария Елесина "Доктор Питер" порталына маек куруп жатып эмне себептен айрым адамдар ар дайым үшүй берерин түшүндүрдү.Дарыгердин айтымында, жайы-кышы үшүй бергендердин айрымдарынын организминде өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Эгер дени сак болсо, ооруканага кайрылуунун зарылдыгы жок.Башка учурларда үшүкчөөлдүк организмдеги бир нече мүчүлүштүктөн кабар бериши мүмкүн.Анемия (аз кандуулук)Канда темир, жез же В9, В12 витаминдери жетишпесе анемия илдети пайда болот. Бул учурда гемоглобин төмөндөп, канга кычкылтек жакшы жетпей калат.Организм кычкылтектин тартыштыгынан улам аны көбүрөөк алуу үчүн тамырларды кеңейтип, канды бат айлантууга аракет кылат. Бул процесске организм көбүрөөк энергия жумшап өзү үшүй баштайт.СалмакСалмактын ашыкча же кем болушу дагы денеде жылуулуктун кармалып турушуна тоскоолдук кылат. Тагыраагы, организмде жетиштүү (ашыкча эмес — ред.) май болсо ал жылуулукту сактайт. Эгер май жок болсо, энергия сактала турган жер таппай сыртка чыгып кетет.Ал эми адам абдан толук болсо май кан тамырларды кысып, кандын жүгүрүшүн кыйындатат. Кан айланып, кычкылтек жетиштүү болуп турбаса адам чыйрыга берет.Калкан бездеги көйгөйКалкан безде көйгөй болсо организмдин жылуулук балансын кармап турчу гормондор аз бөлүнө баштайт. Адатта бул адамдардын буту дайыма муздак болуп турат. Диагнозду так билүү үчүн дарыгерге кайрылуу керек.Кан басымдын түшүшүКан басымы нормадан төмөн кишилердин көбүнесе колу-буту үшүйт. Анткени жылуу кан колдун жана буттун учуна жетпей калат. Мындай адамдар активдүү кыймылда болуп, спорт менен алектенгени оң.ДиабетКант диабетинде кан тамырлар жабыркайт. Кесепетинде кан айлануу начарлап, кол-буттун учуна кан жетпей калат. Жогоруда айтылгандай, мындайда адам чыйрыга берет.СтрессНерв системасында мүчүлүштүгү бар адамдар көп үшүйт. Булар эмоцияга тез алдырышат. Ошол учурда канга стресс гормону аралашып, тамырларды шишитип салат. Кан жакшы жүгүрбөй калат.Рациондо майдын жетишсиздигиМай адамды семиртет, организмге зыяны көп деген түшүнүк бар. Бирок дал ушул май менен А, Е витаминдери боорго барып, метаболизмди жөнгө салат. Боор жакшы иштегенде жылуулук балансы сакталат.Инфекциялык ооруларИнфекциялык илдет жукканда организм ууланат, метаболизм бузулат, иммунитет түшөт. Мунун баары организмдин муздашына алып келет.
https://sputnik.kg/20220117/omurdu-uzartuu-ykma-1061292295.html
https://sputnik.kg/20220119/achkaryn-suu-ichuu-pajdasy-1061342706.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/15/1061430754_158:0:1853:1271_1920x0_80_0_0_4c449caaf5fa20ccb32e9b5931736c89.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ден соолук, дарыгер, суук, организм
ден соолук, дарыгер, суук, организм
Адам эмнеге үшүкчөөл болот? Эндокринолог 8 себебин айтты
Дарыгердин айтымында, жайы-кышы үшүй бергендердин айрымдарынын организминде өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Эгер дени сак болсо, ооруканага кайрылуунун зарылдыгы жок.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Эндокринолог Мария Елесина
"Доктор Питер" порталына маек куруп жатып эмне себептен айрым адамдар ар дайым үшүй берерин түшүндүрдү.
Дарыгердин айтымында, жайы-кышы үшүй бергендердин айрымдарынын организминде өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Эгер дени сак болсо, ооруканага кайрылуунун зарылдыгы жок.
Башка учурларда үшүкчөөлдүк организмдеги бир нече мүчүлүштүктөн кабар бериши мүмкүн.
Канда темир, жез же В9, В12 витаминдери жетишпесе анемия илдети пайда болот. Бул учурда гемоглобин төмөндөп, канга кычкылтек жакшы жетпей калат.
Организм кычкылтектин тартыштыгынан улам аны көбүрөөк алуу үчүн тамырларды кеңейтип, канды бат айлантууга аракет кылат. Бул процесске организм көбүрөөк энергия жумшап өзү үшүй баштайт.
Салмактын ашыкча же кем болушу дагы денеде жылуулуктун кармалып турушуна тоскоолдук кылат. Тагыраагы, организмде жетиштүү (ашыкча эмес — ред.) май болсо ал жылуулукту сактайт. Эгер май жок болсо, энергия сактала турган жер таппай сыртка чыгып кетет.
Ал эми адам абдан толук болсо май кан тамырларды кысып, кандын жүгүрүшүн кыйындатат. Кан айланып, кычкылтек жетиштүү болуп турбаса адам чыйрыга берет.
Калкан безде көйгөй болсо организмдин жылуулук балансын кармап турчу гормондор аз бөлүнө баштайт. Адатта бул адамдардын буту дайыма муздак болуп турат. Диагнозду так билүү үчүн дарыгерге кайрылуу керек.
Кан басымы нормадан төмөн кишилердин көбүнесе колу-буту үшүйт. Анткени жылуу кан колдун жана буттун учуна жетпей калат. Мындай адамдар активдүү кыймылда болуп, спорт менен алектенгени оң.
Кант диабетинде кан тамырлар жабыркайт. Кесепетинде кан айлануу начарлап, кол-буттун учуна кан жетпей калат. Жогоруда айтылгандай, мындайда адам чыйрыга берет.
Нерв системасында мүчүлүштүгү бар адамдар көп үшүйт. Булар эмоцияга тез алдырышат. Ошол учурда канга стресс гормону аралашып, тамырларды шишитип салат. Кан жакшы жүгүрбөй калат.
Рациондо майдын жетишсиздиги
Май адамды семиртет, организмге зыяны көп деген түшүнүк бар. Бирок дал ушул май менен А, Е витаминдери боорго барып, метаболизмди жөнгө салат. Боор жакшы иштегенде жылуулук балансы сакталат.
Инфекциялык илдет жукканда организм ууланат, метаболизм бузулат, иммунитет түшөт. Мунун баары организмдин муздашына алып келет.