АКШ антиэкологиялык жарышты баштап бара жатат. Сереп

© AP Photo / David J. PhillipНефтеперерабатывающий завод Shell Oil Company в Техасе
Нефтеперерабатывающий завод Shell Oil Company в Техасе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
Жазылуу
Кошмо Штаттар көп көрсөткүч боюнча лидер экени талашсыз. Бирок жаңырган 2022-жылы күтүүсүз жагынан таң калтырды.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык уюмдар нааразы: АКШнын пандемиядан чыгуу жана экономиканы калыбына келтирүү аракети декорбанизация боюнча айтып-деп келген максаттарынан ого эле оолактап баратат. Россиялык журналист Сергей Савчуктун дал ушул маселеге арналган макаласы РИА Новостиге жарыяланды.
Былтыр Америкада парник газдарынын бардык түрүнүн жалпы көлөмү 7 пайызга өскөн, буга көмүр суутектүү отундун, башкача айтканда, жаратылыш газы менен көмүрдүн ролунун жогорулашы себеп. Бул болжолдуу эсеп, ошентсе да альтернативдүү энергетикага ыктагандардын көңүлүн чөгөрө турган көрсөткүч.
Эки жылга созулган пандемия дүйнөлүк экономиканы бүк түшүрүп, миллиарддаган адамдын жашоосун өзгөрткөнү менен "жашылдар" үчүн бул таза бакыттын учуру болду. 2019-2020-жылдары парник газдарынын көлөмү АКШда тарыхый чекке түшүп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки маалга теңелди. Мындан улам 2021-жылы экономиканы тез арада калыбына келтирүү далалаты анча билинген жок, парник газдарынын көлөмү пандемияга чейинки көрсөткүчтөн беш пайызга аз болду.
Баары сонун кетип бараткан. АКШнын тарыхында биринчи жолу альтернативдүү генерациянын үлүшү өндүрүштүн бештен бир бөлүгүн түзүп, жылына 820 тераватт-саатка жетип, атомдук тармак менен теңеле түшкөн. Ал эми АКШ бул тармакта дүйнөдө алдыда турат. Былтыркы жылдын октябрына карата ал жакта 93 реактор бар болчу. Салыштыруу үчүн айтсак, экинчи орунда турган Францияда болгону 56 энергоблок бар. Баса белгилей кетчү жагдай: америкалыктар шамал, күн жана биомасса менен бирге энергиянын кайра жаралуу булактарына гидроэнергетиканы да кошушат. АКШнын ГЭСтери жалпы электр кубатынын алты пайыздан кем эмесин берет, ал эми мамлекеттик Energy Information Administration гидроэнергетиканын негизинде өндүрүш кеминде дагы бир пайызга жогорулай турганын божомолдоодо.
Ушуну менен жакшы жаңылык тамам болду. Шамал жана күн станцияларынын ээлери 2022 жана 2023-жылдары өндүрүшкө 29 жана 28 гигаваттык кубаттуулуктарды киргизе турганын жар салышты. Мында потенциалдык мүмкүнчүлүктөр эки эсе көбөйөрү айтылып жатат, бирок жагымдуу тенденциялар ушуну менен токтойт.
Полиция Стокгольмдогу демонстрация учурунда климат активисттерин эвакуациялап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Россияга каршы экотеррорчулар тапталып жатабы?
Энергетика маалыматтары башкармалыгынын отчетун кунт коюп уксаң углеводороддон баш тартуу менен байланышкан докладдардын баары качандыр бир кезде ишке ашар-ашпасы белгисиз, үмүт берген мүнөзгө ээ, ал эми отун өндүрүүнүн жыйынтыгында чыккан сан — бул факт.
Былтыркы жылдын финансылык абалы тууралуу маалымат февралда жарыяланат. Бирок АКШда көмүр казуу күчөп кеткени азыр эле белгилүү болуп калды. Америкалык кенчилер 2020-жылга салыштырмалуу кеминде эле 10 пайызга көбүрөөк көмүр казышкан, башкача айтканда, таза өсүш 55-60 миллион тоннаны түздү.
Кара алтын абада эрип кеткен жок. Көлөмү түшүп, атомдук сектор жана ВИЭ менен теңеле түшкөн көмүрдүн негизиндеги электр энергиясынын өндүрүшү 1000 тераватт-саатка жетип, озуп кетти. Муну менен бирге көмүрдүн экспорту (+52 пайыз) да жогорулады, анын басымдуу бөлүгү Индия, Түштүк Корея жана Японияга туура келди.
АКШ БУУнун атомдук энергетиканы экологиялык жактан зыянсыз деп таануу чечимине эч кандай комментарий бере элек, бирок жергиликтүү экологдор пикир билдирүүгө ашыгып турушат. Америкадагы атом реакторлорунун паркы карып баратат, жаңы объектилерди киргизүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жок. Конгресстин эки палатасы тең колдоп берген АЭС Vogtle курулушунун долбоору 2012-жылы башталган деп турат. Бул курулуу стадиясында турган жалгыз станция, долбоор боюнча кабар жок.
Энергиянын классикалык булактарын азырынча шамалга, күн батареяларына алмаштыруу мүмкүн эместиги дагы бир ирет тастыкталды. Американын Түндүк Дакота штатында жана коңшу Канаданын Альберта провинциясында катуу сууктан улам Keystone нефть түтүгү иштебей токтоп калат. Муну кезегинде Жо Байден атайын жарлык менен жабууга аракет кылган. 35 градуска жеткен суук магистралга ээлик кылган TC Energy компаниясын нефтини өткөрүүнү токтотууга мажбурлап, бул бензин менен дизель майынын кескин кымбатташын шарттады.
Бирок жаратылыш газын өндүрүү жана пайдалануунун көлөмү баарын артка калтырды. Акыркы 15 жыл ичинде АКШ элинин муктаждыгын жабуучу электр энергиясын өндүрүүдө анын үлүшү эки эсеге көбөйгөн, бирок бул жерде өсүүнүн масштабын түшүнүү керек. Эгер 2005-жылы жаратылыш газынын базасында компаниялар 750 тераватт-саат өндүрүшсө, 2021-жылы анын үлүшү 1 600 тераватт-саат болот деп күтүлүүдө. Бул атом жана жашыл энергетика чогулуп бере турган көлөм. БУУ жаратылыш газын да коопсуз булактын катарына кошуу ниетин билдирди, буга азыркы жашылдар караманча каршы. Себеби жөндүү сыяктанат. U.S. Environmental Protection Agency берген маалымат боюнча, 2019-жылы газ, отун өндүрүү, пайдалануудан калган скважиналардан чыккан калдык АКШдагы метандын көбөйүшүнө себеп болгон көрсөткүчтүн бири. Ал метан атмосфераны башка парник газдарына караганда болжол менен 50 эсе күчтүүрөөк ысытары айтылды.
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Россиядан адамга тажрыйба жүргүзүү талап кылынууда. Артында ким турат?
Карбонсуз келечекке жеке жана башка автотранспорт боюнча статистика бөгөт да койду. АКШда катаал карантин жоюлары менен компаниялар куру калган кирешесинин ордун толтурууга киришип, бул жүк ташуунун болуп көрбөгөндөй агымын шарттады. Былтыркы жыл Америка логистикасынын кыймылдаткычы болгон дал ушул жүк ташыган унаадан чыккан парник жана башка газдар боюнча рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыкталды. Улуттук эмиссиянын 30 пайыздан ашуунун түзгөн, бул мурдагы жылкы көрсөткүчтөн дароо 10 пайызга жогорулап кеткенин түшүндүрөт.
Абалды азыркы администрациянын белеги да жеңилдете алган жок. Ноябрда өкмөт туура утилизациялоо үчүн атмосферадан углероддорду алуу боюнча техникалык объектилерди курууга уруксат берген мыйзам кабыл алганы маалым. Мунун баарына бюджеттен 3,5 миллиард доллар бөлүү каралып жатат.
Мында кеп эки технология боюнча жүрүүдө. Биринчиси түз эле абадан кармоо (direct air capture) болсо, экинчиси "кармоо жана сактоо" (capture and storage) деген аталыш алган.
Биринчисинде ири вентиляторлор орнотулуп, атайын резервуарларга аба үйлөйт. Ал жактан углерод атайын даярдалган химиялык эритиндилердин жардамы менен чогулуп, калган газдар кайра атмосферага чыгат. Андан кийин кошулма таза кычкылтек алуу үчүн суу эритмелери менен аралаштырылып, кристаллдаштырылып, жерге көмүлөт.
Экинчи ыкма өткөн кылымдын 70-жылдарында эле нефть казгандар бош калган скважиналарды суюктуктан арылуу үчүн углероддун кычкылы менен толтура баштаганда иштелип чыккан. Бирок газдын айрым бөлүгү жер алдында калып калары аныкталган, мунун экологияга кандайча таасир этери азыркыга чейин белгисиз. Ошентсе да аталган факт кезинде норвегиялык Equinor ASA компаниясына экологиялык салыктан баш тартууга жол берген эмес.
2050-жылга углероддуу нейтралдуулукка жетишүү үчүн адамзат эртеңден тарта эле жылына 7,5 миллион тонна газды кармап жок кылышы керек. Эсеп ушундай. Башкача айтканда, цивилизация жараткан көлөмдүн бештен бир бөлүгүн утилизациялашы шарт. Учурда атмосферадан 40 миллион тонна углерод алынат, болгону 0,01 пайыз. Мындан тышкары, CO2ни кармоонун экономикалык жактан негизделген өндүрүштүк технологиясы жок. Тагыраагы, конгресс кабыл алган мыйзам АКШнын жаңы экономикалык реалдуулуктагы экологиялык кыйроосун жаап-жашырган гана кадам.
Сөз соңунда айгине болгон фактыны да айта кетели. Дүйнөлүк саясий аренадагы АКШнын таасири азырынча сөз кылууга арзыйт, бирок глобалдуу жылуулук жаатында Вашингтон колун жайып эле отуруп берди. Бул эч ким талаша албай турган факт. Ооба, АКШ углеродсуз жаркын келечек үчүн аракет кылбай жатат деп бирөө-жарымды айыптап жатканда эске ала турчу жагдай.
Берлиндеги Рейхстаг имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Европадагы энергетикалык каатчылык. Ойлонулбаган үстөккө-босток чечимдер
Жаңылыктар түрмөгү
0