Жогорку Кеңеш санариптик өнүктүрүү министри кызматына Имановду жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековСанариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Иманов. Архив
Санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Иманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Жазылуу
Имановду дайындоого 54 депутат макулдугун берип, каршы чыккандар болгон жок.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды.
Аны кызматка дайындоого 54 депутат макулдугун берип, каршы чыккандар болгон жок.
Буга чейин аталган министрликти Дастан Догоев жетектеп, 6-январда кызматтан кеткен. Ал эми Талантбек Иманов "Дастан" заводун башкарып турган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Куру кыйкырык салбаңыз! Байсалов парламентте Бекешев менен айтыша кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0