Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы кар. Архив
Бишкек шаарындагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Жазылуу
20-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткү пайда болот.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүнүн кээ бир райондорунда кар жаайт. Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл жергесинде -3...+2, Нарын аймагында -5...-10 градус болот.
Бул күнү Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жааса, Ошто жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -1... +1 жана Ошто +4...+6 градус болору айтылды.
Завотделом метеопрогнозов Кыргызгидромета Асылбубу Маткеримова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Радио
Метеоролог Кыргызстанда жазга чейин аба ырайы кандай болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0