https://sputnik.kg/20220119/almaty-kyrgyzstandyk-sabaldy-1061369471.html
Алматыда изделип жаткан кыргызстандык табылды. Анын буту сынган. Видео
Алматыда изделип жаткан кыргызстандык табылды. Анын буту сынган. Видео
Sputnik Кыргызстан
Интернетте тарап жаткан видеодон Сыдыковдун тура албай жатканын көрүүгө болот. Анын буту сынганы белгилүү болду. 19.01.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-01-19T20:50+0600
2022-01-19T20:50+0600
2022-01-19T21:02+0600
казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
кыргызстан
видео
казакстан
алматы
https://sputnik.kg/img/07e5/02/10/1051483466_0:79:3073:1807_1920x0_80_0_0_2088deb8e96ebad2b4d5c21a63274e6b.jpg
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Алматыдагы ооруканалардын биринен изделип жаткан кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков табылды. Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады.Буга чейин социалдык тармакта 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалгандыгы тууралуу билдирме тараган. Досу Айгүл Сартбаева анын Алматыда эмерек чогултуп иштээрин айткан. 8-январда Сыдыковдун каттоо мөөнөтү аяктап, Бишкекке келмек. Бирок аны шаардан чыккан учурда кармап кетишкен. Сартбаева досунун Казакстандагы башаламандыкка катышпаганын айтып, күбөлөр бар экенине ишендирген. ТИМ бул маалыматты текшергени айтылды.Интернетте тараган видеодон Сыдыковдун тура албай жатканын көрүүгө болот. Кыргыз жараны аны жана башка кармалгандарды таяк менен сабаганын айткан. Анын буту сынганы маалым болду. Кыргызстандын ТИМи бул учур боюнча расмий маалымат даярдалып жатканын билдирди.
https://sputnik.kg/20220116/almaty-kyrgyzstandyk-karmaldy-1061286176.html
казакстан
алматы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/10/1051483466_278:0:2793:1886_1920x0_80_0_0_429a9f0e111b14af1721c726d89fc2ca.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, видео, казакстан, алматы
кыргызстан, видео, казакстан, алматы
Алматыда изделип жаткан кыргызстандык табылды. Анын буту сынган. Видео
20:50 19.01.2022 (Жаңыртылды: 21:02 19.01.2022) Интернетте тарап жаткан видеодон Сыдыковдун тура албай жатканын көрүүгө болот. Анын буту сынганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Алматыдагы ооруканалардын биринен изделип жаткан кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков табылды. Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Буга чейин социалдык тармакта 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалгандыгы тууралуу
билдирме тараган. Досу Айгүл Сартбаева анын Алматыда эмерек чогултуп иштээрин айткан. 8-январда Сыдыковдун каттоо мөөнөтү аяктап, Бишкекке келмек. Бирок аны шаардан чыккан учурда кармап кетишкен. Сартбаева досунун Казакстандагы башаламандыкка катышпаганын айтып, күбөлөр бар экенине ишендирген. ТИМ бул маалыматты текшергени айтылды.
Интернетте тараган видеодон Сыдыковдун тура албай жатканын көрүүгө болот. Кыргыз жараны аны жана башка кармалгандарды таяк менен сабаганын айткан. Анын буту сынганы маалым болду. Кыргызстандын ТИМи бул учур боюнча расмий маалымат даярдалып жатканын билдирди.