Январь айында шаарларда көмүр канчадан сатылууда. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековКөмүр сатуу. Архивдик сүрөт
Көмүр сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
Жазылуу
Ноокатта көмүрдүн бир тоннасы 7,5 миң сомдон ашат. Балыкчыдан көмүрдү 4 миң сомго эле алууга болот.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети өлкө аймактарында декабрь айына салыштырмалуу көмүрдүн бир тоннасынын баасы кандай өзгөргөнүн айтып берди.
Көмүрдүн чекене баалары январдын ортосунда республика боюнча орточо алганда 5 211,8 сомду түзгөн.
Январдагы баа декабрга салыштыруу менен:
Ноокат — январда 7 697 сом (декабрда 7 763,9 сом болчу);
Баткен — 7 425,9 сом (7 598,7 сом);
Кара-Суу — 7 000 сом (баасы өзгөргөн эмес);
Ош — 6 849,2 сом (6763,5 сом);
Жалал-Абад — 6746,9 сом (6 815,4 сом);
Кербен — 6 700,6 сом (7 211,1 сом);
Каракол — 6 699,3 сом (6 682,2 сом);
Исфана — 6 614,4 сом (6 846,5 сом);
Токтогул — 6 223,9 сом (6 846,5 сом);
Өзгөн — 5 863,6 (баа өзгөргөн эмес);
Талас — 5 246 сом (5 612,4 сом);
Кыргызстан боюнча — 5 211,8 сом (5,211,8 сом);
Токмок — 4 598,9 сом (баа өзгөргөн эмес);
Нарын — 4 500 сом (баа өзгөргөн эмес);
Кара-Балта — 4 500 сом (баа ошол бойдон);
Бишкек — 4 500 сом (баа өзгөргөн эмес);
Балыкчы — 4 200 сом (4 049,7 сом).
Былтыр октябрда министрлер кабинети көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизген. Кара алтынды төмөндөтүлгөн баада сатуу боюнча түйүндөр Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Ноокат (5 000 сом) жана Бишкек (3 000 сом) шаарларында катталганы белгиленет. Бирок ал баалар убактылуу болгондуктан Статистика комитетинин эсептөөсүнө кирген эмес.
Көмүр сатуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2022
Көмүр саткан ар бир үчүнчү кампа бааны көтөрөт. Рейддин жыйынтыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0