Кредиттин кандай түрүнөн жаа бою качуу керек? Адистин кеңеши

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Адис пандемия учурунда насыя алууда өзгөчө кылдат болуу керектигин белгиледи.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кийин көйгөй жаралбаш үчүн кредиттин кандай түрүнөн оолак болуу керектигин "Прайм" агенттигине “Карыз алуучулардын укугун коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Евгения Лазарева айтып берди.
Адистин пикири боюнча, ар кандай жеке клиникалар, сулуулук салондору сыяктуу жайлар сунуштаган арзандатылган кызматтарды же товарларды насыяга албай эле койгон туура. Анткени мындай “жеңилдиктердин” көпчүлүгү шылуундук схемалар аркылуу иштейт. Адис буларга акча кеткени менен кардар товардын же кызматтын жыргалын көрбөй турганын эскертет.
Ошондой эле Лазарева көңүл ачуу жана сайрандоо үчүн кредит алуу кооптуу экенин айтат. Адистин пикиринде, той-ашка жана саякаттоо үчүн алган насыяны төлөө финансылык жактан дагы, моралдык жактан дагы өтө кыйын. Анткени андагы сезимдер акырындык менен унутта кала берет дагы акча текке кетип жаткансып, адам психологиялык жактан кыйналат.
Мындан тышкары, адис насыя алып жатканда кардарлар кандай каталарды кетирерин санап берди.
“Биринчиден, карыз алуучулардын 80 пайызы кредит келишимин окубайт. Экинчиден, кардарлардын үчтөн бир бөлүгү карыздан кутулуу мүмкүнчүлүктөрүн туура баалай алышпайт. Жыйынтыгында чоң көйгөйлөргө туш болуп, бир топ кыйналышат”, — деди ал.
Сөзүнүн соңунда адис пандемия учурунда насыя алууда өзгөчө кылдат болуу керектигин айтат. Экономикалык туруктуулук солгундап турган кезде колдон келишинче карыз албай эле койгон туура экенин кошулчалады.
Той өткөрүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Садыр Жапаров: алган кредитин тойго жумшагандар текшерилет
Жаңылыктар түрмөгү
0